Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Наргиза Толубай кызы: “Аким Сазыкулов мэр Абдыкадыровдун сөзүн укпайт экен”

Наргиза Толубай кызы: “Аким Сазыкулов мэр Абдыкадыровдун сөзүн укпайт экен”

21-август, 21:29
350 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеңсебизге Наргиза карындашыбыз башбакты. “Гезит-журнал саткан күркөмдү шаардын Биринчи Май районунун акими унаа токтотуучу жерге көчүрүп салды” дейт. Чоо-жайын уктук.

-- Наргиза, кеп башынан болсун, Бишкек шаарынын мэри “биз гезит-журнал саткан күркөлөргө тийбейбиз. Гезиттер сатылышы керек” деп башынан эле айтып келатат. А сиздики башка маселе мененби?

-- Буга чейин Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде, “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанында гезит-журнал саткан күркөм бар эле. Мэриянын шарттары боюнча, алардын берген эскизи менен жасатып, уруксат берген жерге койдургам. Аз өтпөй шаардын Биринчи Май районунун акими Максат Сазыкулов алдыртып, бир көчө ылдый, унаа токтотуучу жерге көчүрүп салды. 

-- Эмнеге?

-- “Болбойт, охранный зона” дейт. Толук жообу жок. Бир канча жылдардан бери эч кимге зыяны тийбей, шаардын көркүн да бузбай, жогору жактагылардын айткан-дегендери менен иштеп келген болчубуз. 

-- Бул боюнча шаа мэрине кайрылдыңарбы?

-- Райондун акими Максат Шекербекович шаар башчынын сөзүн укпайт экен. Бул жактан карап туруп ким кимге баш ийерин деле түшүнбөй калдым. Шаар башчысы Эмилбек Мырзакулович өзү уруксат берип койдуруп атса, аны райондун акими алдыртып салып атат. 

-- Негизи андай болбош керек беле?

-- Шаарга мэр жооп берет да. Менимче, акимдин таянган “жогору” жакта кишиси барбы (?) деген ой кетет. “Койдурбайм” деп менин көзүмчө айтканда, Эмилбек Мырзакулович үн дебей калбадыбы. Айлам кетти. 

-- Мындан аркы кадамың кандай болмокчу?

-- Учурда мага окшоп гезит күркөлөрү аркасынан чуркагандар толтура. Ар кимисинин ар кандай көйгөйлөрү бар. Жакынкы арада коомчулукка чогулуп алып чыгабыз. Биздин үнүбүздү президент Садыр Нургожоевич уксун деген таризде. Башка айла-амалыбыз калбады. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер