Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз Бейшеналиев ЖОЖдордогу келишим акыны чече албайбы?

Алмаз Бейшеналиев ЖОЖдордогу келишим акыны чече албайбы?

25-апрель, 23:47
583 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин редакцияга телефон чалуу менен окурман апа кайрылды. 

“Баары эле жаңы билим берүү министри болуп келген Алмаз Бейшеналиевди айга-күнгө теңеп мактап жатышат. Ал деги кандай реформаларды жөнгө салды? Карапайым элдин жашоосуна сүңгүй кирип карагылачы? Өткөн жылкы пандемиядан кийин жумушсуздук күч алды. Эл кыйналып жатат. Менин эки кызым ЖОЖдо окушат. Экөө тең контракт төлөп окушат. Бирок өткөн жылдан бери жашообузда көп кыйынчылыктар жаралды. Бир жылдан бери үйдө онлайн окушканы менен эч кандай толук кандуу билим ала алышкан жок. Мугалимдери эми “контракттарын тездеткиле, төккүлө” деп тызылдатып жатат. Министр мырзанын контракт акысын аз пайызга кыскартууга да алы жетпедиби? Убада берди эле го? Миңдеген карапайым адамдар акыйып күтүп жатабыз. Айрыкча айылдарда интернет байланышы үзүл-кесил, тартпаган жерлери да бар. Айрым студенттер интернетке салганга акча таппай калган учурлар көп. Андай толгон-токой көйгөйлөрдү эске албай, акчаны сурай келгенде ЖОЖдор катуу иштешет. Аз пайыз болсо да министр мырза чече алабы? Май айы болоюн деп калды, же жөн эле катардагы жалган убадаларбы?


“Азия Ньюс” гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер