Токтайым Үмөталиева: “Президенттин кеңешчилери абалды курчутуп, тескери иштеп жаткандай...”

-- Буга чейинки массалык камоолор тууралуу кандай комментарий берет элеңиз?
-- Бул абдан жаман көрүнүш жана сөз эркиндигине болгон кысым катары эл аралык деңгээлде кабыл алынып атат. Мындай жат көрүнүш БУУга окшогон кадыр-барктуу уюмдардан да бизге карай терс баа бериле баштады. Кыргызстандын эркин, демократиялык аброюна шек келди. Менин оюмча, президенттин жанындагы кеңешчилер кандайдыр бир тышкы саясый абалды курчута турган күчтөрдүн кызыкчылыгына иштеп жаткансыйт. Так маалыматтын жоктугунан ар кандай ой пикирлер жаралууда. Ошол эле Кемпир-Абад маселеси боюнча азыркы бийлик коомчулукка толук кандуу, туура, ачык-айкын маалымат жеткизе алышкан жок. Стратегиялык институттардын ой пикирин көрө да, уга да алган жокпуз. Ошол себептен ушундай кыйчалыш кырдаалга кептелдик. Дагы бир баса белгилөөчү жагдай, буга чейин милицияга бир жолу да тартылбай, оозеки эскертүү берилбеген инсандарды камакка алуу тарыхта болгон эмес. Алар кандай оор кылмыш кылышты? Кылмыш-жаза кодексинде “туруктуу жашаган, иштеген жери бар адамдарды камакка алуунун кажети жок” деп жазылып турат. Камалгандар мамлекеттик сырды сактай турган органдардын өкүлдөрү да эмес. Дагы бир жолу айтам, бул жагдайды мен сөз эркиндигине болгон кысым катары эле баалайм.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити