Тынар Курбаналиевдин айынан жалпы куудулдарга ишенбөөчүлүк жаралды
Куудулдук өнөрдү “шыбакчылыкка”, мазактоого айландырган Тынар Курбаналиев соңку жолу Алмазбек Атамбаевди сатирага айландыруу менен этикадан сырт кетип, коомчулуктун сынына кабылган. Көп өтпөй аттан жыгылып, башы жарылып, ошол бойдон сахнага чыга элек. Тынардын саясый сатиралары “обужок катын орсок уй саайт” дегендей болуп, күлкү тартуулабай эле элдин кыжырын кайнатып калган. Коомчулуктун даттанууларынын негизинен улам, маданият министрлиги мындан ары куудулдардын сахнага чыгара турган сатираларын алдын ала көркөм эксперттик топко текшертет. Мындай тизгиндөөгө Курбаналиевдин чектен чыккан “күйдүргүлүгү” себеп болгон. Адатта карапайым элибиз сахнадан маданияттын жогорку үлгүсүн көрүү үчүн барат эмеспи. Тилекке каршы, “кой-ай” деген кожо жок, тынарлар малканада оюн салгандай эле чалчактап кетишкен эй. Эми жалпы куудулдарга ишенбөөчүлүк жаралган соң, иш жүзүндө жоопкерчиликтери каралса, кичине деңгээлдери да өсөт беле?..
Aryba.kg