Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сагынычты, кусалыкты үйүп алган жүрөгүмдү сезбей кеттиң...

Сагынычты, кусалыкты үйүп алган жүрөгүмдү сезбей кеттиң...

02-июнь, 23:30
933 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жамгыр тынбай жаап жатат. Дагы сени эстедим. Чогуу жүргөн, жетелешип, бири-бирине мээрим толгон көздөр менен караган күндөрдү сагындым. Унутууну канчалык эңсесем да эрким жетпейт. Жылуу колдоруңду сагындым. Сага болгон сүйүүм күн сайын жоголбостон, огобетер күчөп бараткансыйт!

Кыйналып турам, жүрөгүм мыжылып, өзүмдү алсыз сезүүдөмүн, бирок айла жок. Биздин кадамдар алыстагандан тарта жүрөктөр да ээнсирейт. Балким сен мени жөн гана жактыргансың, сен балким мени алдаган чыгарсың, бирок менин сезимдерим чын эле... Ичине күйүттү, сагынычты, кусалыкты үйүп алган жүрөгүм бар эле. Эми анын абалын ким ойлойт? Жок дегенде сен бир жолу ал жөнүндө сездиң бекен? Бул жүрөктү сындырып, жабыркатып алуудан коркпойсуңбу? Менин сезимдеримди тепсеп кетүү сен үчүн оңой болду. Мен сенин жашооңдун чаңына айланып, алыста калдым...  


Айдана 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер