Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоо келаткан февраль айында өтсө, аягы чыр-чатакка айланабы?

Парламенттик шайлоо келаткан февраль айында өтсө, аягы чыр-чатакка айланабы?

07-октябрь, 11:12
547 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ушу тапта партиялар тыбырап, эртеңки аламанга даярдыктарын баштады. Парламенттик шайлоо февраль айында болушу мүмкүнбү? Бул боюнча так кесе чечимдер чыга элек, бирок тар чөйрөдө талкууланууда. Өкмөт барган сайын элдин назарынан калып, кашаңдыгы, иштин көзүн билбегени менен иренжиткенин кантебиз? Элибиз да Абылгазиевдин арымына, ишмердигине ичи чыкпай турат. Баардык тармактар “шалга” айланып баратабы? Мындай шартта бийликтин рейтингин сактап калуу үчүн Жогорку Кеңештеги 80 депутатты өз каалоосу менен мандаттарын тапшыртып (азыр колдорун толгосо да мандаттары үчүн өлбөгөн жерде калышат го), анан 45 күндүн ичинде шайлоо жарыяланабы? Ошентип, ит жыгылыш оюндар менен февраль айына парламенттик шайлоонун дайындалышы бийлик үчүн пайдалуу болобу, же жарга такалабы? Айтыш кыйын. Кыргыз коомчулугунан баарын күтсө болот... Баса, убагында Аскар Акаев да 2005-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо жарыялай коюп, аягы төңкөрүш менен аяктаганын эсибизден чыгарбашыбыз керек... Негизи саясый күрөштөр күздө өтсө бийлик үчүн ыңгайлуу болорун унутпайлы.


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер