Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жээнбек Куленбеков: “Булганган аба өпкөгө, жүрөгүбүзгө терс таасир берип жатат”

Жээнбек Куленбеков: “Булганган аба өпкөгө, жүрөгүбүзгө терс таасир берип жатат”

06-декабрь, 21:54
1 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жээнбек Куленбеков – Борбор Азиядагы Америка университетинин геоэкология жана климатология факультетинин деканы. Булганган аба чочуткан бул күндөрү климатолог Жээнбек ага жакшы иштер жүрүп жатканы менен ой бөлүштү.

-- Кыш келгени кайра эле борбор калаабыздын ышка капталган кейиштүү көйгөйү айтыла баштады. Атайын илимий изилдөөгө алып баштаган ишиңиздер тууралуу ой бөлүшсөңүз?

-- Борбор Азиядагы Америка университетинин илимпоздору сентябрь айында ПРООНго кайрылып, Бишкек шаарынын абасынын сапатына баа берүү боюнча долбоор жазып иш баштаганбыз. Ноябрдын орто ченинен баштап иштеп жатабыз. Кайсы себептер менен аба булганып жатканын изилдөө үчүн алгач маалымат чогултушубуз керек эле. “Кандай себептерден улам аба булганып жатат?” дегенге илимий негизде жооп издедик. Биздин беш адамдан турган чакан топтун ар бири  ар башка багытты алып иш жүргүзүп жатышат. Азырынча биздин статистика комитетинин өз булактары, Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулткан маалыматтары бар. Ал жактан бир аз маалымат алууга аракет жасап жатабыз.

Экинчиден, газ коюу боюнча маселени көтөрсөк, Бишкекте көмүр жакканга караганда газ коюу көбүрөөк ыңгайлуу. Газдын да таасири бар. Бирок, көмүрдөй өтө зыяндуу эмес. Ошондуктан газга өтүү керек деген маселе боюнча “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бишкектеги жаңы конуштардагы канча үй-бүлөгө газ коюлуп жатканы изилденет. Өзүбүздүн эле ТЭЦке канча казан коюлганын, канчасы газга туташтырылганын, Бишкек теплосеттин канча казаны бар экенин изилдесек, аларга коюлган алтымыштан ашык казан бар экен. Анын жыйырмадайы газга туташтырылып, калгандарына коюла элек. Аларды газга өткөрүү маселеси коюлуп жатат. Ал үчүн инвестиция тартыш керек. Борбор Азиядагы Америка университети ушул маселе боюнча эл аралык фонддорго кайрылып жатабыз. Иштер башталды. 

-- Аба булганышынын дагы кандай булактарын таптыңыздар?

-- Эл сырттан карап туруп эле “ТЭЦтен түтүн чыгып, бизди басып жатат” деп эле көргөн нерселерин айтып жатышат. Күн жылыган учурда чаң дагы көтөрүлөт. Эл ошол чаңды жутуп жатат. Ал эми автоунаалардын түтүнү өзүнчө көйгөй. Ушунун баары эле абанын кирдешине булак болууда. Чаңда көп зыяндуу нерселер чогулган. Дүйнө жүзүнүн окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, РМ 2,5 , РМ 10 дегендер бар. Булар эң майда бөлүкчөлөр.  Алар РМ 2,5 микром деп коёт. Ал биздин өпкөбүзгө кирип чогулуп, кан аркылуу жүрөгүбүзгө таасир берип, жүрөк ооруларына алып келүүдө. РМ 10 дегени чоңураагы. Ал өпкөгө кирип, рак ооруларына алып келет. Ошол нерселерди изилдөөгө алуу болжонууда. Жол жээгине автоунааларды токтотуп, ал жактагы чаңды кайра жолго алып чыгып, ал чаңга айланып сапырылат. Кышында кар катуу жааганда кум чачып жатышат. Кумду топурак аралаштырып чачышат. Анын баары эле кайра чаң болуп көтөрүлөт. 

Бишкек шаарыбыз өзү 150 миңдей автоунаага ылайыкташкан. Бизде 500 миңдей автоунаа жүрөт. Ал автоунаалардын 95%ы эски моделдеги машинелер. Абага көбүрөөк зыяндуу заттарды чыгарат. Калган 5%ы жарымы электр, жарымы газ болуп, алар абаны азыраак булгайт. Электр машиналарды көбөйткөнгө азырынча бизде шарт жок.  Газ менен жүрө турган унаалардын келүү тарифин  0 кылып, биздин өкмөт ошондой иштерди жасашы керек. Мэрияда экология боюнча кеңеш ачылып, мүчө болуп кирдим. Ал жакта да ушул маселелер көтөрүлүп жатат. “Биз илимий негизде көйгөйлөрдү ачып беребиз, ошого таянып иш жасагыла” деген кеңешибизди бөлүшөбүз. Баары илимий негизде такталышы керек. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер