“Төрт баламдын кыялы бир тең, күйөөмдүкү бир тең болуп жатат”
Турмушка чыкканыма сегиз жылдан ашты. Төрт балам бар. Кудайга шүгүр, баары жакшы, жумушум, үйүм бар. Убагында баарын камсыздаганга жетишем. Кызыгы, күйөөм барган сайын таарынчак болуп баратат. Карантин учурунда балдардын ызы-чуусуна чыдабай зирпилдеп, экөөбүз эки күндүн биринде урушуп калганбыз. Бир күнү апасыныкына кеткен бойдон келбей койду. Кайненеме чалсам, “аялым балдарына болушуп мени менен урушуп жатат” деп отурат деди. Эмне дээримди билбей калдым. Бир чети күлкүм келсе, бир чети ачуум келди. Ошентип кайненем келип-кетип биздин ортобузда телефонго айланды. Ошентип атып акыры келген. Эми “депрессия болуп атам” деп бир бөлмөдө кечке камалып отурат. Колунан телефон түшпөйт. Төрт баламдын кыялы бир тең, күйөөмдүкү бир тең болуп жатат. Күйөөмдү эмне кылсам? Эркектик мүнөзгө кантип жеткирем?
Гуля