Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков: “Ысык-Көлгө жасалган мамиле жүрөгүмдү оорутту”

Нуржигит Кадырбеков: “Ысык-Көлгө жасалган мамиле жүрөгүмдү оорутту”

04-август, 21:03
524 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нуржигит мырза, парламенттик каникулда эл аралап жүрөсүз. Жолугушуу учурунда алар кандай көйгөйлөрдү, өтүнүчтөрүн айтып жатышат?

-- Ысык-Көлдө быйыл өрүк аябай көп алыптыр. Бирок, баасы төмөн дешти. Элестетип көрсөңүз, килосу 8 сом! “Сегиз сомго макулдашып, андан да баш тартып койду. Былтыр ушул маалда 80-100 сом болуп аткан” дейт бир киши. Россияда өрүк өспөйт, Казакстанда деле чоң рынок бар. Ушундай учурда айыл чарба министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чет өлкөлөргө сатуу жагын уюштуруп бербесе, өзүбүздүн рынок аябай эле кичине. Азыр элди бушайманга салган маселе ушул. КаМАЗ-КаМАЗ продукция сатылбай, бузулуп, төгүлүп жаткан фактылар бар экен. 

Анан менин көңүлүмдү аябай чөгөргөнү – бул көлгө болгон мамиле болду. “Табигат менен таттуу мамиле” деген жөн эле куру сөз экен. Мен катер менен атайын көлдүн эл барбаган булуңуна чейин барып келдим. Ошол жакта деле желим баштык менен баклажкалар толуп кетиптир. Пирске барсаң да кызыл-тазыл болуп бирдекелер, дарбыздын, коондун кабыктары жайнап жатат. Дарбыздын кабыгын жерге көмүп койсоң чирип кетет, ал эми туздуу көлдө чирибейт, калкып жүрө берет. Ушуга окшогон көрүнүштөр аябай жүрөгүмдү оорутту. “Мекенди, табигатты сүйөбүз” деген сөздү жөн эле тил менен айтпай, дил менен, иш менен көрсөтө турган, көл жээгинде чылымы, семичкеси жок эс ала турган мезгил келди.

-- Биздин пансионаттарды чет өлкөлөрдүн, мисалы, Түркиянын деңгээлине жеткириш үчүн эмне кылыш керек?

-- Албетте, туристтер жаратылышты көргөнү келет. Бирок эң башкысы, тейлөөчү персоналдын мамилеси үчүн келет. Бир жерден жакшы мамилеге туш болсо, кийинки жолу да сөзсүз келет, өзү эле келбестен, башкаларды да ээрчитет эмеспи. Анан ал соцтармактар аркылуу өз таасирлерин бөлүшсө, бүт дүйнөгө таркашы мүмкүн. Түрктөр сервис жагынан абдан мыкты. “Кардардын талабы ар дайым туура” деген принцип дал ошол жакта. Кардардын ар бир чыргоолугуна чыдап, ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылышат. Алардын рекламалары да укмуш! Осмон империясы дүйнөдөгү эң улуу державалардын бири болуп, 600 жылга жакын жашаган да. Анкарадагы, Измирдеги, Бурсадагы, айтор, тарыхый жерлердеги эстеликтерди рекламалап, сабаттуу маалыматтык маркетингди уюштура билишет. Биз ушул жагын үйрөнүшүбүз керек. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер