Акыркы кабарлар
» Саясат » Замир Жоошев: “Алмазбек Атамбаевге жолугуп келдим абалы жакшы эмес”
Замир Жоошев: “Алмазбек Атамбаевге жолугуп келдим абалы жакшы эмес”
02-август, 11:28

М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кошумча медициналык текшерүүгө жана дарыланууга муктаж деген жыйынтыкка келишти. Бул тууралуу 1-августта адвокат Замир Жоошев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Бүгүн 27-колонияда Алмазбек Шаршеновичке жолугуп келдим.
Абалы жакшы эмес. Ал киши өзү бийликтегилерден "мага дарыланганга мүмкүнчүлүк бергиле" деп сурабаса деле, мамлекет өзү мүмкүнчүлүк бериши керек" деген пикирин калтырган Замир Жоошев.
Быйыл 25-майда Алмазбек Атамбаевди №27 абактан дарылоо максатында Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, ал ооруканада дарыланып чыккан.