Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Кумтөрдө абдан жакшы иштер жасалып жатат, укмуш!”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Кумтөрдө абдан жакшы иштер жасалып жатат, укмуш!”

09-февраль, 13:30
495 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак Зарлыкович, өткөндө спирт боюнча маселе көтөрдүңүз. Маселенин маңызы эмнеде?

-- Спиртке мамлекеттик монополия киргизүү боюнча жарлыкка ылайык, спиртти Кара-Балтадагы завод гана чыгарат. Ошого байланыштуу спирт чыгарган эки-үч завод жабылып калды. Арак заводдорунун баары спиртти Кара-Балтадан сатып алып чыгарышат. Максат – бюджетке акча түшсүн деп атат. Мен муну колдойм. Бирок, технологиялык жактан Кара-Балта заводу жеке менчик спирт заводдорундай эмес. Мисалы, Токмоктогу завод альфа спиртин чыгарат. Бул эң жогорку сапаттагы спирт, андай спирт Орто Азия боюнча Казакстанда гана бар. Андан кийинки люкс спиртин Кара-Балта заводу чыгарат. Бирок, кара-балталыктар да “ушул жылдын аягына чейин альфаны чыгарууга жетебиз” деп атышат. Менин айтайын дегеним, спирт заводдор продукциясын чет өлкөлөргө экспортко чыгарышмакчы. Кимде ошондой мүмкүнчүлүк болсо чыгарып, Казакстанга сатабы, же Россия, Европага сатабы, сата беришсин да. Алар Кара-Балта заводуна жолтоо болушпайт. 

-- Демек, “башка заводдордун да спирт өндүрүп, сатуусуна мүмкүнчүлүк бериш керек” деген көз карашта экенсиз да?

-- Экспортко, сыртка сатканга гана мүмкүнчүлүк бериш керек. Ички рынокко болсо Кара-Балта заводунун монополиясы бар.

-- Сиз Кумтөр боюнча комиссияга мүчөсүз. Депутаттар менен кошо жакында сиз да кенге барып келдиңизби?

-- Ооба.

-- Анын иши боюнча эмне айта аласыз?

-- Комиссия мүчөлөрү “баары бүткөн соң айтабыз” дегенбиз. Ошон үчүн азыр мен айтсам туура эмес болуп калат. Бир гана нерсени айта алам, абдан жакшы иштер жасалып жатыптыр. Укмуш, мындай дегеле болгон эмес! Ырас, кемчиликтер деле бар. Ал тууралуу эсеп палатасы айтты... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер