Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сапар Исаков да Атамбаевдей эркелегиси келдиби?

Сапар Исаков да Атамбаевдей эркелегиси келдиби?

28-октябрь, 12:09
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупцияга шектүү деп убактылуу кармоочу жайда сурак берип жаткан Сапар Исаков, 25-октябрда Свердлов райондук сот отурумуна катышуудан баш тарткан. 

Анын себебин мурдагы премьер-министр С.Исаков ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөр суралбай жатканына нааразычылык деп түшүндүргөн.

Ошол эле күнү сот Исаковду мажбурлап болсо да алып келүү токтомун кабыл алган эле.

Бүгүн, сот отурумуна катышпайм деген Исаковду УКМКнын кызматерлери күч менен алып келишти.  Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев адамды сотко мажбурлап алып келүү тууралуу токмтомду, соттук приставдар аткарышы керектигин айтып, нааразычылыгын билдирди. 

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев да убагында күбө катары суракка чакырылганда баш тартып, акыры ал да укук коргоо органдарынын катышуусунда, ызы-чуу менен кармалганын Сапар Исаков эстен чыгарып койсо керек.

Эске салсак, “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана келишимдерди түзүүдө коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени маалымдалган. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер