Ош базар менен кошо «Арпа» заводу да шаар сыртына көчөбү?


Эсил кайран СССРден бери «Арпа» аты менен таанымал пиво чыгарган завод бар эмеспи. Бишкектин чок ортосунда жайгашкан. Кадимки Ош базардын түштүк тарабында – Москва менен Бүбүсара Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, азыркыга чейин иш алып барып келет. Бул заводду коомчулук кадимки көпөс Автандил Кулбараковдуку деп билишет. Аныгында Автокдуку эмес, СССРден заводду менчиктеп калган Насыркул Урманбетовдун баласы Данияр Урманбетовго таандыкпы? Келе жаткан күз айларынын башы менен Ош базар шаар четине чыгарылып, аэропорт тарапка бараткан жолдун боюна көчүрүлөрү айтылып келет.
Натыйжада, Ош базар менен «киндиктеш» бул завод да сыртка жылышы керектиги божомолдонууда. Экөөнүн аймагы өтө жакын жайгашкан. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери “Арпа” мэриянын менчигиндеги жерди 49 жылга ижарага алып олтурат. Так айтканда, азыркы аянты заводдун менчиги эмес. Экинчиден борбордун чок ортосунда “Арпанын” иштеши тургундардын ден-соолугу үчүн кооптуубу? СССР кезинде, борборубуз мынчалык кеңейе электе салынып калган завод шаардан оолак чыгарылса жарашчудай. Дегенибиз, андан чыккан түтүн, ар кандай жыттар тургандардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизбейт деп эч ким кепилдик бербейт да, туурабы?
2023-жылдары аталган заводду убагында туура эмес менчиктештирилгени айтылып, мамлекетке алуу демилгеси көтөрүлүп, бирок аягына чыкпай калганбы? Бирок, Кулбараков УКМК төрагасы Ташиевге кайра-кайра кирип жатып, УКМКнын Жумгал районундагы бөлүмүнө жаңы имарат салып берип, сактап калганбы? Эми мамлекетке алынбаса да шаар сыртына чыгарсак, баардык тарабынан тура болмок. Же Кулбараков дагы башка чоңдорго “жылмышып кирип” жатып, көчүрбөй сактап калабы?! Бул тууралуу көп сөз болчудай...











