Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур Асанов: “Бийлик “Бүтүн Кыргызстанга” үгүт жасап берди...”

Бектур Асанов: “Бийлик “Бүтүн Кыргызстанга” үгүт жасап берди...”

11-сентябрь, 11:11
1 165 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бектур мырза, ар бир шайлоонун өзүнүн шайтан оюндары бар. Учурда  “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айланасындагы болуп аткан окуялар кайсы бир тараптын шайтан оюндары болуп аткансыйт. Буга сиздин пикириңиз?

-- “Бүтүн Кыргызстан” партиясы бүгүнкү күндө негизги бириккен оппозициялык партиялардын курамы менен шайлоого аттанып атат. Алгач бийлик тарабынан “бул партия шайлоодо атаандаштык жаратпайт” деген ойлору менен алакан ушалап турса керек. Кийинчерээк өтөөрү анык болуп, жадагалса алдыңкы үч партиянын бири болчудай жагдай жаралып баштады көрүнөт. Социалдык изилдөөлөрдүн натыйжасы ушундай жыйынтык чыгарып, көрсөтүп, керек болсо сап башына чыкканын коомчулукка жарыялап ийишти. Мындан улам бийлик чочуп кетти. Анүстүнө партиянын жетекчиси Адахан Мадумаров карапайым эл тарапта экени, азыркы бийликке келишкис оппозиция болгону белгилүү. Ушундан улам атаандаштар сестенди. “Бул партияны азыртан өткөрбөй коюш керек. Себеби, 2023-жылы президенттик шайлоодо бизге баш оору болот, чоң маселени жаратат” деген ойго келишип, партияны шайлоодон четтетүүгө киришти го. Биз бул жерде жалпы мамлекеттин келечегин, имиджин, шайлоонун легитимдүүлүгүн ойлоп атабыз. Бизде мындан башка ой да, маскат да жок. Бул партиянын шайлоодон чыгып калышы менен биз ачык эле “Кыргызстанда 2020-жылдагы парламенттик шайлоо легитимдүүлүгүн жоготту” деген бүтүмгө келсек болот. Бийликтин мындай иш аракети аларга абийир апкелбейт. Калп эле “сот, БШК” деп атат, чын-чынында, алар эч несени чечпейт, кептин баары жогору жактагыларда болуп аткансыйт... Экинчиден, күрөш токтой элек. Саясый чыңалуу барган сайын күч ала бермекчи. Жогорку сот деген бар. Эгер алар адилеттүү чечим чыгарбаса, шайлоонун таптакыр болбой калышына түрткү берет. 

-- Партияны аламанга кошпой коюшу сырткы күчтөрдү да кызыктырышы ыктымалбы?

-- Сөзсүз түрдө кызыктырат. Кыргызстан географиялык жактан эң маанилүү орунда турабыз. Россия, Кытай жана Батыш, Ислам өлкөлөрү ачык болбосо да тымызын абай салып турушат. Кечээ “тегерек үстөлдө” орустардын белгилүү саясатчысы Сергей Собянин: “Кыргыз мамлекетинде кандайдыр бир саясый акциялар башталып кетсе, аны бийлик токтотконго даяр эмес” деп айтып атпайбы! Бул жөн эле айтылган сөз эмес. Кандайдыр бир алдын ала эскертүү катары баалашыбыз керек. Эске албай койгонго болбойт. 2010-жылкы окуялар сырткы фактордун кийлигишүүсү менен болгон. Билебиз, ар бир шайлоодон кийин мамлекеттин сырткы саясый вектору өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, биз, саясатчылар, бийликтегилер, эң ириде мамлекет жетекчиси этият болуусу кажет. Эмнеге саясатчылар деп атам? Анткени, ич ара талашып-тартышкан менен мамлекеттин ырааттуулугун жоготпой, биримдиги үчүн аракет кылып келебиз. Бүгүнкү күндө ачык айтканда, оппозиция тараптан, “Бүтүн Кыргызстандан” мыйзам бузуулар, терс чакырыктар болгон жок. Тескерисинче, дестабилизацияны бийлик өзү кылып атат. Мындай нерсени 2005-жылы Акаев, 2010-жылы Бакиев бийлиги жасаган...

-- Партиянын ички климаты кандай?

-- Биз башка партиядан келип аткандан кийин ички климатына кийлигишкен жокпуз. Болор-болбос чыр-чатактын баары сырттан келген партиялар тарабынан болуп атат. Албетте, партиянын мурунку мүчөлөрү кайсы бир себептер менен чыгып кетишти. Буларга сырткы, өзгөчө бийликтин таасири болуп атканын төрага Адахан Мадумаров айтып атат. Партия ичиндеги чыңалуунун күчөшүнө, ырктын кетишине бийликтин салымы чоң деп ойлойм, атайын кылып атышкансыйт. 

-- Соттор партиянын ишин улам-улам жылдырып, шайлоону үзгүлтүккө учуратып коюшу мүмкүнбү?

-- Балким, алар ошондой ойлоп атышат, сотту болушунча артка созушууда. Жогорку сот да артка жылдырып отуруп, он күн ары жылып кетиши мүмкүн. Алардын ушундай жагымсыз иштери менен “Бүтүн Кыргызстан” партиясына пиар жасап беришүүдө. Эгер партия шайлоого кирип калса, анда бизге эч кандай жарнаманын кереги жок, үгүттү бийлик өзү жасап берип койду. 

-- Кудайдын парманы менен аламанга жол ачылып калса, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы марага жетеби?

-- Менин оюмча, шайлоо салыштырмалуу түрдө таза болсо, элибиз акчага алданбаса, сиз айткан марага биринчи келебиз да. Муну мен эмнеге ишенимдүү айтып атам? Анткени, учурдагы соцтармактагы сурамжылоонун көрсөткүчү ушундай болууда. Жок дегенде 30 пайыз добуш менен 45-50 депутат парламенттен орун алат.   


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер