Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпонкул Арабаев: “Классикалык билим алууга, офлайн окууга өтөлү”

Чолпонкул Арабаев: “Классикалык билим алууга, офлайн окууга өтөлү”

19-октябрь, 15:55
1 331 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн билим берүү жаатында көйгөй арбын. Ал көйгөлөрдүн чети да оюла электей. “Какаганга муштаган” болуп, пандемия апааты да билим берүү жаатын алсыратып кеткендей. Юридика илимдеринин доктору, билим берүү боюнча эксперт Чолпонкул Арабаев агайга суроолорду узатып, жооп алдык. 

-- Онлайн окуунун терс таасири тийгендей, балдар жалкоо болуп, дале мектепке баш-оту менен кирип окугулары жок. Онлайн окуунун таасири тууралуу кандай ойдосуз?

-- Акыркы учурда онлайн эмес классикалык түрдө күндө барып окуган мектептерде эле эмес ЖОЖдордо, техникумдарда ж.б. орто окуу жайларында окуучулар окубай калды. Бул жаштардын билимге умтулуусунун жылдан-жылга төмөндөп бара жаткандыгынын белгиси. Экинчиден, ошол жогорку окуу жайларды мисалга ала турган болсок, студенттерге коюлган талап дагы ойдогудай болбой, көп окуу жайлардын деңгээли бүгүнкү күндө эч кандай талапка жооп бербейт. Россияга, Казакстанга салыштырмалуу биздин ЖОЖдордун деңгээли өтө эле төмөндөп кетти. Мунун объективдүү дагы, субъективдүү дагы шарттары бар. Буга өтө  көңүл бөлүп, мамлекеттик деңгээлде жакшы билим берүү концепциясын, мамлекеттик стандарттарды кайрадан карап чыгууга убакыт келди го деп ойлойм. Бир кезде, жаңы эгемендүүлүк алган жылдары ЖОЖдор “жумушу жок болсо да жаштарды жок дегенде окуу менен алаксытып, жакшы билим берели” деген саясат болгон. Бирок бүгүнкү күндө сапатсыз окуу жайлардын саны аябай эле көбөйүп кетти. Ошондуктан эми сандан сапатка өтө турган мезгил келди го дейм. Окуу жайлардагы шарттар дагы бүгүнкү талапка төп келбейт. Муну көзөмөлдөй турган министрликтин да мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан онлайн окуунун кесепети тийип жатат. Мүмкүн болушунча классикалык билим алууга, аудиторияда мугалим менен студенттин ортосунда түздөн-түз байланыш болуп турса сонун болмок. Азыркы шартка жараша ушундай болуп жатат. Бул мезгилден да өтүп кетебиз деген ойдомун. Онлайн окуу болгончо, офлайн эле болсо деген ойду айтам.

-- Улам билим берүү министри алмаша берип, ким министр экенин да билбей калдык. Учурда жаңылануу барбы? Министрлердин тез-тез алмашуусунун таасири кандай?

-- Акыркы он жыл аралыгында кимдер гана министр болгон жок! Бул билим берүү министрлиги эле эмес, башка өкмөт мүчөлөрүнө дагы аты-жыты жок, мамлекеттик кызматта бир күн дагы иштебеген адамдар келип, партиянын сунуштары менен өкмөт мүчөсү болуп калышты. Улам алмаша берүүдөн эч нерсе өзгөргөн жок. Билим берүү эле эмес башка тармактарда да күн санап, жыл санап артка кетүү учуру көбөйдү. Учурда билим берүүдө көзгө көрүнөрлүк жаңылануу жок. Министрлердин тез-тез алмашуусунан эч нерсе өзгөрбөйт. Мүмкүн болушунча тармакты туура түшүнгөн, мектептин системасын, ЖОЖдордун, илимий мекемелердин системасын билген, маңдай терин төгүп, жанын берип иштеген министрлер келсе, ошондо гана иш алдыга жылат. Баардык жерде чыгармачылык, изденүү керек. Каржы менен да көп нерсе байланыштуу. Социалдык тармак болгондон кийин мугалимдерди дагы болушунча камкордукка алып, алардын квалификациясын көтөрүп, талапка жооп бергидей шарттарды түзө турган болсок, жаңылануу болуп, билим берүүнүн сапаты жогорулайт.

-- Бүгүнкү окуу китептеринин грамматикасы, каталары тууралуу сындар айтылып келет. Сиздин китептерге көңүлүңүз толобу?

-- Совет мезгилинде окуп, ошол жактан тарбия алган адам катары чыгып жаткан китептерге көңүл толбойт. Окуу китептерин мындай кой, Жогорку Кеңештеги спикер баш болуп, калгандары төш болуп кетирген каталары, туура эмес сүйлөгөндөрү канча ирет массалык маалымат каражаттарында жарык көрдү? Ошондон тыянак чыгыш керек. Окуу китептеринин саны бар, сапаты жок. Стилистикасы, грамматикасы начар, себеби окушпайт, жаза билбейт. ЖОЖду бүткөн айрым кадрларды карап отурсаңыз, кээ бир учурда жөнөкөй бир арыз жазганга, ойлорун кагазга түшүрүп бергенге жарашпайт. Бул азыркы учурда мурдагыдай адабий китеп окугандардын саны кескин кыскарып кеткенинин кесепети.  

Окуу китептериндеги каталар тууралуу канча ирет айтылып, ал окуу китептери коррупцияга жол берген маселеси тынбай көтөрүлүп келет. Алар эч кандай жоопко тартылбай эле кызматтарынан бошоп кетип калышты. Ошондуктан, мүмкүн болсо Алиппеден баштап жогорку окуу жайлардын китептерине чейин баардыгы тийешелүү министрликтен, экспертизадан өтүп, анан жарыкка чыгышы керек. Аны колдонуп, студенттер, окуучулар билим алат. Бул китептердин авторлорун конкурстук негизде тандоо шарт. Юрист катары да айтарым, айрым ЖОЖдордо, айрыкча  жогорку квалификациялуу юристтерди даярдоодо бүгүнкү   күнгө чейин Россия Федерациясынын китептери колдонулуп келе жаткандыгын айтсак болот. Жаңы келген жетекчилик, тийешелүү министрликтеги мамлекеттик  кызматкерлер да бул боюнча жакшы тыянак чыгарып, кетирген кемчиликтердин баарын оңдошу абзел. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер