Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Тоюбузду карызга өткөрүп, азыр кредиттен башыбыз чыкпай, ажырашканы калдык
Тоюбузду карызга өткөрүп, азыр кредиттен башыбыз чыкпай, ажырашканы калдык
12-май, 16:53


Төрт жылдан бери тойдун карызын төлөп келебиз. Карыз төлөөдөн чарчап, акыры жолдошум экөөбүз уруша баштадык. Биз үйлөнгөндө кайын журтум тетири кетиптир. “Эл эмне дейт?” деп чоң той бергенбиз. Ага кеткен чыгымдын баарын карызга алышыптыр. Эки айдан кийин кайын журтум бизди батирге бөлүп, “эми карызыңарды төлөп алгыла” деп койду. Ошону менен ар бир айдын аягында же башында кредит төлөп келебиз. Пайызы көп болгондуктан, биздин тапканыбыз батир менен кредиттен артпайт. Эми аны качан төлөп бүтөбүз? Бизге окшоп карызга той берип, кыйналып жашагандар, кантип үй-бүлөлүк бакытты кармап келесиңер? Карыздын айынан ажырашып кетебизби? Урушубуз көбөйдү. Ойлоном, корком...
Элиза









