Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сталин канча жолу фронтко барган?

Сталин канча жолу фронтко барган?

02-октябрь, 21:05
869 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээ бирөөлөр “Сталин фронтту Кремлдеги кабинетинен чыкпай туруп башкарган” деп ойлошот. Бирок, бул жаңылыш көз караш. Алгачкы жолу Сталин фронтко 1941-жылы июлда барып, Москваны коргогон аскерлерди кайсы жерге жайгаштыруу керектигин аныктоо үчүн Кичи Ярославский багытындагы позицияны көрүп чыккан. 

1941-жылы октябрда башкы колбашчы коргонуунун Можайско-Звенигород  тилкесине барат. Күбөлөрдүн айтымында, Сталин кайсы бир кыштактын жанынан өтүп баратканда балдар жолбашчыны таанып калышып, “Ура, Сталин фашисттерди соккону баратат” деп ал түшкөн машинанын артынын чуркап жөнөшкөн. 

1941-жылы октябрдын орто ченинде башкы колбашчы Рокоссовскийдин 16-армиясы жайгашкан Волокаламск шоссесине “Катюшанын” атылганын көргөнү барат. Бул өтө кооптуу сапар эле. 1941-жылы реактивдүү артиллериянын теңинен көбү, 33 дивизион коргонуунун дал Москва зонасында, Батыш фронтунун аскерлеринде жайгашкан болчу. Муну жакшы билген фашисттер “Катюшаны” колго түшүрүүгө бүт аракетин жумшап аткан. Мунун баары Сталинге маалым эле, бирок, ошого карабастан ал барган. 

1941-жылы 13-ноябрда Советтер Союзунун Баатыры, капитан Кирсанов командачылык кылган “Катюшалар” дивизиону Скирманово кыштагында душмандын аскерлерине катуу сокку уруп, натыйжада 17 танканы, 20 миномётту, жүздөгөн фашистти жок кылган. Фронтто жазылбаган бир мыйзам, эреже бар эле: “Катюшалардын” залпынан кийин душман сөзсүз түрдө алардын позициясын артиллерия менен аткылап, андан соң асманда бомбардировщиктер пайда болчу. Андыктан, Сталин снаряд тийип, же бомбанын астында калып өлүшү толук ыктымал эле. 

Москванын алдындагы жеңиштен кийин биздин атайын кызматтардын колуна немистердин фронттук чалгынынын документтеди тийип калат. Көрсө, 1941-жылдын 13-ноябрындагы “Катюшалардын” соккусунан кийин фашисттер ошол районго асмандан десант ташташкан экен. Андыктан, Сталин туткунга түшүп калышы да толук ыктымал болчу. 

Москванын алдындагы контрчабуул башталардан эки жума мурун башкы колбашчы Волокаламск шоссесине жакын жердеги Лупиха кыштагындагы госпиталга барып, жарадар болгон жоокерлер менен жолугушат. Ал күтүлбөгөн жерден палатага кирип келгенде жоокерлер өздөрүн коёрге жер таппай калышкан. Сталин табуреткага көчүк басып, “немистердин күчтүү жагы кайсы, чабал жагы кайсы?” деп сурай баштайт. Жоокерлердин бири фашисттер жылуу кийими жок, чүпүрөк-сапыракка оронуп, суукка тоңуп атканын айтып, “ушу тапта бир катуу чабуул жасалса жакшы болот эле” деген сунуш киргизет. “Сиздин каалооңузду биз сөзсүз аткарабыз, жолдош жоокер” дейт Сталин жылмайып. 

1941-42-жылдардын аралыгында Сталин Можайский, Звенигородский жана Солнечногородский коргоо чектеринде болгон. Волокаламск багытында  Рокоссовскийдин 16-армиясында, генерал Панфиловдун 316-аткычтар дивизиясында болгон. 1941-жылдын 7-ноябрындагы атактуу параддан үч күн өткөн соң кайра аскерлердин алдына барып, Сибирден жаңы эле келген дивизияларды көргөн. 

1942-1943-жылдары да ал фронтко барганын токтоткон эмес. Мисалы, 1943-жылы 2-3-августта генерал Соколовский жетектеген Батыш фронтунда, 4-5-августта генерал Еременконун Калинин фронтунда болгон. Фронттун командачылары менен жолугушуу учурунда Сталин кырдаалды анализдеп, эки фронттун операцияларынын планын иштеп чыккан. 

1944-1945-жылдар боюнча эч кандай маалымат жок. Себеби, бул учурда фронт Москвадан өтө эле алыстап кетип, башкы командачынын алдыңкы чекте болуусуна зарылдык калбай калган. 

(Согуш учурунда өкмөттүк күзөттүн бөлүмдөрүнүн бирин жетектеген   коопсуздук кызматынын майору А.Т.Рыбиндин эскерүүлөрүнөн)

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер