Талант Мамытов, ЖК депутаты: “Парламентке көбүрөөк партиялар келсе, атаандаштык болуп, иш жакшы жүрөт”
Шайлоо босогосун 7%га түшүрчү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда парламентке шайлоо үчүн 9%дык чекти 7%га түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат. Бул демилгени парламенттин 19 депутаты көтөрүп чыккан. Алар мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максатын “калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен” деп түшүндүрүшүүдө. Ушул эле депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин 7%дан 9%га көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Эми шайлоо жакындаганда аны кайрадан түшүрүү керектигин демилгелеп отурушат. Күзүндө ушул босого чекти 7, 5 же 3%га чейин түшүрүү керектигин коомчулук, айрым саясатчылар жана айрым депутаттар да сунуш кылышкан. “Эгер 9% бойдон калса, анда партиялар 180 миңден кем эмес добуш алууга тийиш, а бирок андай добуш алуу оңойго турбайт, жыйынтыгында парламентке 3 же 4 гана партия утуп келиши ыктымал. Мындан улам, босого чекти түшүрүү оң, көп партияларга мүмкүнчүлүк берүү керек” деген жүйөнү келтиришет мыйзам долбоорунун демилгечилери. Кыскасы, босого чек мурунку шайлоодогудай 7%га түшөт сыягы.
-- Талант мырза, шайлоо босогосун 9%га көтөргөн мыйзамды депутаттар өзүңөр кабыл алгансыңар. Эми аны кайрадан 7%га түшүрүү аракетинин максаты эмне? Айрымдардын шайлоодон өтпөй калуудан кооптонуусу деп түшүнсөк болобу?
-- Бир топ депутаттар «Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышты. Бул жерде 64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында “9%” деген жерин “7” деген санга алмаштыруу, башкача айтканда, парламентке шайлоо үчүн 9%дык чекти 7%га түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинди. Коомдук талкууга коюлганы ушул. Өзүңөр билесиңер, буга чейин да парламенттеги айрым фракциялар, депутаттар тарабынан босого чекти 7, 5 пайызга түшүрүү керектиги демилгеленген. Коомчулукта да мындай сунуштар арбын болду. Ошонун баарын эске алуу менен босого чекти төмөндөтүү учурдун талабы эле. Менимче, бизде али да парламенттик система анчалык калыпка түшө элек. Пайыздык катыштын жогору болушу кандайдыр бир деңгээлде айрым партиялардын нааразылыгын пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, баарына бирдей мүмкүнчүлүк жаратыш керек. Анан да парламентке көбүрөөк партиялар келсе, атаандаштык болуп, иш жакшы жүрөт.
-- Вице-премьерлик кызматка Баткендин губернатору болуп иштеп жаткан Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырдыңыздар. Коомчулукта ага да нааразылар арбын болууда. Сиздин оюңузча, Разаковду Мадумаровго алмаштыруу канчалык маанилүү?
-- Жеңиш Разаков өз ыктыяры менен отставкага кетти. Албетте, ал тейлеген тармак өтө оор жана опурталдуу милдет эле. Укук коргоо органдары, анын ичинде чек ара маселесин тейлеп иштөө оңой эмес. Анүстүнө чек ара айрыкча акыркы учурларда абдан татаалдашкандан татаалдашып, көйгөйлөр көп чыкчу болду. Андыктан, бул тармакка адискөй, дасыккан, маселени жакшы түшүнгөн жетекчини алып келүү башкы максат болду. Экинчиден, коңшу өлкөлөр менен теңата сүйлөшө алган, дипломат, тил табышып, бир пикирге келе алган жөндөм зарыл эле. Разаков кеткенден кийин анын ордуна улам чыр-чатак чыгып жаткан чек ара тараптан, ошол жактагы көйгөйлөрдү билген адамды издеп, акыры Мадумаровдун талапкерлигине токтолушуптур. Өкмөт башчы Абылгазиев алдыбызга сунуштап, “колдоп бергиле” деп келди. Колдоп бердик. Өзү айткандай, ишти алып кете аларына ишеним артабыз, ийгилик каалайбыз.
Динар Турдугулова
"Азия Ньюс" гезити