Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө дүрбөлөңү...

Дүйнө дүрбөлөңү...

05-ноябрь, 17:30
794 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаал ар бир эле акыл-эси жайында, билим деңгээли жетиштүү адамды ойлонтпой койбойт. Анүстүнө биз, кыргыздар абдан сезимтал жана куйма кулак калк келебиз. Жашоонун активдүү формасын жактырабыз. Бекеринен атактуу Лев Гумилёв өзүнүн “пассионаризм” аттуу жаңы тарыхый терминин так ушул бизге, кыргыздарга, ыйгарып отурат эмеспи, туурабы? Алтургай азыркы изилдөөчүлөр дагы бул феномендин туура экенин ырасташып, мурдагы Совет доорундагы “конъюнктуралык тарыхты” кайрадан карап чыгышып, жаңыдан жазууга даяр болуп калышты! Россиялык тарыхчы Виктор Козодойдун концепциясы боюнча Улуу Кыргыз цивилизациялык доору 19 кылымга созулган экен! Мен эмне үчүн дал ушул фактыларга көңүл бурдум? Анткени, мунун терең тамыры бар. Азыр дүйнө жүзү эбегейсиз зор катастрофанын алдына келип кептелди. Бир аз гана ширеңке оту алоологон өрттү баштаганы калды! Бул тамаша иретинде же кандайдыр бир сенсацияны көздөгөн адамдын сөзү эмес. Чынында эл аралык абал азыр өтө оор! Үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы жөнүндө сөздөр козуй баштады. Адамзат кайдыгер болбой, азыркы ар бир кырдаалга кунт коюп көңүл буруп, көз салып жатат! Алардын арасында баарыбыздын сүйүктүү элибиз, кыргыздар да бар. Андыктан, дал ушундай тема боюнча өзүмдүн ойлорумду ортого салууга батынып отурам.

Дүйнөлүк опурталдуу жагдайдын эң иридеги талуу аймактары катары Жакынкы Чыгыш менен Украинаны айтсак болот. Албетте, бул экөөнү бири-биринен айырмалаган тарыхый, социалдык-саясый өзгөчөлүктөрү бар. Бирок, алардын окшоштук жактары дагы орун алып жатпайбы? Мисалы кайсылар? Баягы эле түбүң түшкүр саясый амбиция. Ачкөздүк менен Жер Эненин энергиясын, суу жана кен байлыктарын, дээрлик ресурстарын жеке ээлеп алуу! Жыргап-куунап жашоонун кызыкчылыгын көздөө. Дүйнөнүн гегемонуна умтулуу. Мындай арамза ойлор тээ атам заманынан бери эле келе жаткан көрүнүш. Алгачкы доор, кул ээлөөчүлүк заман, феодалдык, капиталисттик жана социалисттик формациялардын баардыгы дал ошол арамза максаттар менен жык толгон. Адамзат өмүр бою эле перманенттик түрдө согушту башынан өткөрүп келди. Анын негизги себептери катары бир нече ири жана майда факторлорду айтууга болот. Ири факторлор катары эки эле себеп бар: диний жана баскынчылык максаттар. Жер шарындагы баардык согуштардын 90%ы дал ушул эки феномен менен байланышкан. Ал эми майда согуштарга жогорку экөө шылтоо, математиктин тили менен айтканда, ал экөөнүн туундусу катары эле пайда болушат. Канткен күндө дагы согуш дүйнө түзүмүн кан төгүлгөн жол менен гана өзгөртүп келип отурбайбы? Тилекке каршы, XXI кылым деле ушул жолдон тайган жок. Алтургай кайрадан алоолоп күчөп, адам цивилизациясын “таш дооруна” алып барып коё турган согуш арсеналдарын жыйнап, бири-бирине азуусун кайрап, кыжынып баратышпайбы! ХХ кылым илимий-техникалык прогресстин революцияларын жаратканы менен кан күйгөн эки дүйнөлүк согушту от алдырып жиберди. Геосаясат деген балекет антагонисттик форматка өтүп, дүйнөдө экиге бөлгөн топту пайда кылды. Капитализм жана социализм лагерлери жаралды. Уинстон Черчиллдин 1948-жылы Фултондогу арамза-кыйраткыч докладынан кийин “муздак согуш” доору башталды. “Маршал планы” аткарылды. Ага жооп кылып Сталиндин геосаясаттык аракеттери күчөдү. Анын алкагында алгачкы ирет атомдук, андан кийин термоядролук (суутектик) кыйраткыч куралдар жасалып, бүт дүйнө эли коркунучтуу согуш арсеналдарынын барымтасында калды. Мунун натыйжасында жер бетинде тынымсыз согуштардын өнүгүп туруусуна шарт түзүлдү. АКШ, Франция, Улуу Британия, НАТО согуштук блогун түзө салышты эле, жооп иретинде СССР баштаган социалисттик өлкөлөр Варшава келишимин түзүп алышты. Экөө тең дээрлик каржылык ресурстарын негизинен согуш куралдарын топтоого багытташып, калган континенттердеги элдерди “оюнчук катары эрмектөөгө” өтүштү! Натыйжада (мисалы), эки Корея жана эки Вьетнам коомдору пайда болду. Вьетнамдыктар кайрадан биригишип, тынч оокаттарын өткөрө башташканы менен корейлер дагы деле эки лагерде калышып, өз ара кылчайнашып, касташып келишет. 60-жылдардын башталышында АКШ менен СССРдин тирешинин азабынан “Кариб кризиси” орун алып, аз жерден атомдук жана термоядролук согуш чыгып кете жаздады! Африкада, Латын Америкада, Азияда айыгышкан локалдык согуштар күч алды. Адам баласынын тынч жашаган аймактары азайып баратат. Жапайы капитализм менен псевдосоциализм жана коммунизм коомдору жайнап чыкты. Араб өлкөлөрү Кудайдан болуп, углеводороддордун кени экен. Алар баш көтөрө башташты. Бирок, алардын көпчүлүгүн АКШ менен НАТО, калгандарын СССР өздөрүнүн сателлиттери аркылуу “өпкөлөрүн үзө чаап” баш ийдирип алышты. Мен бул экскурсту “чөп башылап” эле ортого салуудамын...

Андан кийин ири тарыхый окуя орун алды. Эки гегемондун бири делинген СССР кыйрады. Анын себептери ошол эле “муздак согуш” болду! Анан албетте, Совет өлкөсүнүн саткын жетекчилери чечүүчү ролду ойношту! Натыйжада, бүткүл “социалисттик лагерь” талкаланды. “Эки Германия” биригип, НАТОнун жана Еврокошуундун кубаттуу форпостуна айланды. СССРден калган “калдык өлкөлөр” эбегейсиз зор кырсыктарга кабылышты. Эмдигиче дүркүркөп өнүгүп кете албай отурушат. АКШ жападан жалгыз дүйнө “кожоюну” болууга жетишип, анан билген “намазын” окуй баштады. Аны менен Еврокошуундун “супердемилгелерин” биздин эле Кыргызстандын 33 жылдык соңку тарыхынан билип-сезип отурабыз. Демек, дүйнө түзүмүнүн кайрадан өзгөрүшүнүн реалдуу шарт-себептери жаралууда. 

Ошентип, кандай болгон күндө дагы, үчүнчү дүйнөлүк согуштун “жийиркеничтүү деми” сезилүүдө. Жакынкы Чыгыштагы кандуу окуяларга карата ар кандай көз караштарды баамдап келебиз. Кантип эле Израиль бир жактан, ал эми “Хамас”, “Хезболла” жана Иран баштаган күчтөр экинчи жактан дүйнөлүк согушту от алдырып жиберишсин, же реалдуу негиз барбы? Бул жаатташкан күчтөрдүн талашы эмнеде? Мындай суроолордун түйүнү тереңде...

Анүчүн ошол өлкөлөрдүн же уюмдардын тарыхтары боюнча кыскача сөз кылалычы. Ансыз болгудай эмес. Мен физик катары тарыхчылар менен талаша албайм. Бирок, кээ бир урунттуу фактылар боюнча оюмду билдирүүгө кызыкдармын. Жакынкы Чыгыш – бул өзгөчө орду бар чөлкөм. Анын байыркы тарыхы, географиялык шарттары, алтургай дүйнө таанымына болгон көз карашынын орду маанилүү. Биринчиден, ал жерде монотеисттик авраамикалык диндерден үчөө тең пайда болгон. Алар иудаизм, христианизм жана ислам. Ушул фактынын өзү эле ал аймакка карата өзгөчөлүктү ырастап турат. Анткени, дин – дүйнө тааным. Анын аркасынан ар биринин жактоочуларынын жашоо жана турмуштук укладдары орун алат. Ар бир дин өзүнүн диний көз караштары үчүн баардык нерселерге кайыл: жаманына да, жакшысына дагы. Керек болсо өз жанын кыйганга даяр. Жакынкы Чыгыштагы “эң талуу, талаштуу шаар” деп аталган Йерусалимдин айлана-чекесинде эмне деген гана тарыхый окуялар орун албады? Ошол ”авраамчылардын” лидерлери делинген Моисей (Муса), Иисус Христос (Иса) жана Мухаммед (САВ) пайгамбарлар өздөрүнүн негизги мекени катары дал ошол шаарды, анын аймактарын аташат эмеспи, туурабы? Анан кандай болмок эле? Албетте, талаш жаралмакчы. Согуш чыгат, кан төгүлөт. Илгертен келе жаткан тарыхый чындык мына ушундай. Мисалы, орто кылымдардагы католиктердин папалары козуткан ондон ашык этаптан турган  “чырымчылдардын (крестоносцы)” кыйраткыч жортуулдары, аларга каршы турушкан араб элинин согуштук аракеттери (мисалы, Египеттин султандары, Салахиддин, Бейбарс, ж.б.) канча адамдардын баштарын жутту?! Акыры Йерусалим мусулмандардын колуна өткөн жана ХХ кылымдын 20-жылдарына чейин ошондой статус-кво орун алган. Анан эле кырсык башталды. Негизинен  Англия баштаган ири империалисттер ойноп коюшту.

Ынанымдуулукка келсек, ал үчүн конфликтке тартылып жаткан жактардын өздүк тарыхтарын так ажыратып билип алуу маанилүү. Мен жогоруда ошол жерге келип токтодум эле. Жер талаш маселелеринин дагы тарыхы бар. 

Израиль. Еврей эли байыркы этностордун катарына кирет. Ал өзүнүн миңдеген жылдар тарыхында укмуш эле драмалык жашоону башынан кечирди. Еврейлер египеттиктердин, ассириялыктардын, римдиктердин жана улутчул немецтердин кыйраткыч тегимендеринен бүкүлү чыккан эл. Ошондой болсо дагы алар миңдеген азаптуу жылдарды жеңишип, өздөрүнүн эне тилин, маданиятын, динин бекем сактап калышты. Мындай күчтүү феномендин кандай сырлары бар? Алардын элдик легендаларына кайрылууга туура келет. Эмне үчүн? Азыркы кыргыз жаштарыбызга жомок сыяктуу көрүнгөнү менен дүйнө эли байыркы летописттик жазуулар жана илимий археологиялык изилдөөлөргө катар эле элдик уламыштарды, легендаларды кеңири колдонуп келишет. Мисалы, Библиянын алгачкы пайгамбарларынан баштап, Иисус Христостун төрөлүшүнө чейинки доорду эле карайлы. Анда эмне дейт? Качандыр бир байыркы доордо Кудайга ишенбеген вавилондуктар эбегейсиз бийик мунараны кура башташат. Анын курулушуна ошол кездеги баардык пайгамбарлар катышат. Бир гана Нойдун тукуму деп аталган Эвер пайгамбар баш тартып коёт. Өзгөчөлөнүп жашайт. Анын көп жылдардан кийин төрөлгөн тукуму Авраам (Ибраим) дагы өзгөчө билимдүү, көз карандысыздыкты жактырган инсан катары калыптанат. Анын кылычынан кан тамган армиясы болгон эмес, бирок билим алууну укмуш зор деңгээлге чыгарганы айтылат. Натыйжада, ал Бирдиктүү Кудай идеясын көтөргөн. Легенданын башкы каармандары өтө узак жашашчу экен, мисалы Ной 950 жыл, ал эми биринчи киши деп аталган Адам 930 жыл өмүр сүрүшкөн. Авраам араң эле 175 жыл жашаган дешет. Бул эми жомоктун өзү эле болгондой сезилет бизге. Анан калса, ал учурда жаңылыштык кетиришип, адам өмүрүндөгү бир айды бир жыл менен алмаштырып жашашкан деген да версия бар. Эгер андай болсо, Ной 80, Адам 77,5, Авраам араң эле 14,5 жашка чыгып калат! Кантсе да дал ушул Авраам еврейлердин атасы эмеспи. Анын осуяты катары Эресь Исраэль деп аталган жер жашоолоруна энчиленет. Авраам өлгөндөн кийин анын артында өздөрүн “евреймин” деп атаган 70 эле адам калыптыр. Эми лидерлик кезек Авраамдын тукуму Яковго (Жакып) тийет. Бирок, 7 жыл катары менен өкүм сүргөн кургакчылыктын айынан ал элин ээрчитип, күнөстүү жана берекелүү Египетке көчүп келет. Анткени, ал кезде Яковдун уулу Иосиф (Жусуп) Египеттин фараонунун баш вазири эле. Атасы менен кошо келген еврейлерге жер бөлдүрүп берип, алардын турмуш шарттарын ондойт. Еврейлер болсо кажыбас кайрат жана эмгектин аркасында дыйканчылык менен устачылыкты укмуш деңгээлге чейин көтөрүшөт. Айрыкча билим аркылуу агартуу иштерин колго алышат. Натыйжада, алар тез эле көбөйүп, он миңдеген этностук “иудейлер” тобун түзүп калышат. Яков болсо, Израиль деген жаңы ысымга ээлик кылат. Ал эми еврейлер “Израилдин балдары” деп аталып калышат. 


(Уландысы кийинки санда)

Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер