Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизде өнүгүүгө тоскоол болгон нерсе – популизм! Көбүнчө ушак-айың...”

“Бизде өнүгүүгө тоскоол болгон нерсе – популизм! Көбүнчө ушак-айың...”

30-март, 22:50
305 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Коңшу өлкөлөр Өзбекстан менен Казакстан кадыресе өнүгүп атканын байкайбыз. А бизге, Кыргызстан үчүн эмне тоскоол болууда?

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ, экс-чиновник:
-- ХХ кылымдын эң күчтүү империяларынын бири болгон Советтер Союзу кыйрагандан кийин анын субъекттери катары саналган 15 союздук республикалар өз тирлигин кылганга өтүштү. Прибалтика, Украина, Беларусь жана Кавказ өлкөлөрү тез эле өздөрүнө гана шайкеш келген өнүгүүнүн жолуна түшө алышты. Сиз атаган коңшуларыбыз Өзбекстан менен Казакстан дагы дароо эле союздан калган өндүрүшүн жана айыл чарбаларын толугу менен сактап кала алышты. Анткени, ал өлкөлөрдүн башында партиялык номенклатуранын тозоктуу жолдорун басып өтүшкөн тажрыйбалуу өндүрүшчүлөр Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевдер турушту. Алар өз республикаларынын чыныгы лидерлери боло алышты. Өлкөлөрүнүн ички дүң продукцияларын реалдуу шартта перманенттик түрдө көтөрүп турууга жетишишти!
 А бизчи? Тилекке каршы, өнүгүүнүн локомотиви болгон жана элдин стабилдүү кирешесин камсыз кыла ала турган завод-фабрикаларыбыз менен коллективдүү форматта эффективдүү иштеп жаткан айыл чарбабызды итбекер сатып, туш тарапка чачып жибердик. Алардын ордун толуктай турган бир дагы ишкана ачпадык. Соода-сатык, "кызыл кулактык" менен гана алек болдук! Алтурсун жер, суу ресурстарыбыз, кен байлыктарыбыз дагы чет жактан келген шылуундарга берилди. Өлкөнүн казынасы бош калды. Социалдык милдеттерди өкмөт аткармак турсун, эл аралык шылуун финансы институттарынан карыз ала берип, аз жерден өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды жоготуп ала жаздадык! Мына, сиз сураган тоскоол себептер ушулар болду! 
Анан дагы Батышты сокур немече туурай берип, алардын "эркиндик аралы" деген псевдомактоосуна эрип кетип, ойду-тоону эңсеп, элибизди жумушчу мигрант кылып чет мамлекеттерге таратып жибердик! Алар биринчи кезекте билим берүү, илим, саламаттык сактоо жана маданият тармактарыбызды талкалап салышты! Эми Кудайга тобо дейли, 2020-жылдын күз айларынан баштап жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен өлкөбүздө жаңы эффективдүү экономикалык кыймыл башталды. Азыркы бийлик зор кайраттуулук менен ишке киришти. Кумтөр баш болгон кен байлыктар элге кайтты, коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго, паракорлорго жана оозун куу чөп менен аарчып айкырган демагогдорго каршы катуу күрөш башталды. Энергетика тармагы кыймылга кирди. Экономиканын кан тамыры болгон жолдорубуз оңдолуп, мектеп, бала бакчалар жана башка социалдык объекттер эбегейсиз сандарда курулуп жатат. Азыр биз мурда болуп көрбөгөндөй биримдикте болуубуз абзел. Ниеттерибизди ак жалгасын! Өлкөнүн саясый бийлигинин стратегиялык багытына арка-жөлөк болуу менен гана коңшу эле өлкөлөрдүн эмес, эң алдыңкы мамлекеттердин дагы катарына толук кошула алабыз. Буюрса...

Ленара НИЯЗБЕКОВА, коомдук ишмер:
-- Кыргызстанда башкаруу системасы, стратегиялык багыт өзүнүн логикалык бүтүмүнө келе албай жатат. Абдан көп нерсе парадоксалдуу болгон үчүн ичибиздеги бири-бирине дал келбеген системалык багыттар бар. Ошону менен бирге отуз жылдан бери абдан тамыр жайып кеткен коррупция тууралуу айтпай коюуга мүмкүн эмес. Себеби, коррупцияны борбордогу эле Акүй-Көкүйдө сырткары, бүгүнкү күндө тамыры эң алыскы булуң-бурчтарга чейин жетти. Бул дагы орчундуу себептердин бири. Экинчиси, бизге ар кандай эл аралык уюмдардан келип жаткан насыялар, кайтарымсыз гранттарды айтсак болот. Дээрлик коомчулукка белгилүү болуп калды, тыштан келген карыздар экономикалык-социалдык багыттарга толук иштетилбей жатат. Андан да орчундуу себептердин бири адам факторлору. Мамлекеттик башкарууда да, ишкерликте да адам фактору. Башкача айтканда, биздин Жогорку Кеңеш жазып жаткан мыйзамдар дагы ишке ашпай, жарандардын муктаждыгын толук жүзөгө ашыра албай келет. Бизде аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруучу тарап бир жээкте, ал эми карапайым элдин жашоосу экинчи жакта. Ошол эки жээк бири-бири менен кошулбай жатат. Ушул өңүттөр бири-бири менен кошулушуп, бир багытта өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кыймылдаса, бизде да өнүгүү болмок. Мисалы, Казакстанда насыя берүүнүн эл менен болгон алакасы аябай жөнөкөйлөштүрүлгөн. Финансылык мүмкүнчүлүктөр кол жете тургандай. Өзбекстан өзүнүн стратегиясына абдан чоң реалдуу принциптерди кабыл алды. “Экинчи Кытай болобуз” деген стратегия менен “күнүмдүк тиричиликке керек болгон товарлардын баарын өзүбүз өндүрөбүз” деген жолго түштү. Биздин рынокто коңшулаш турган Өзбекстандын, Казакстандын күнүмдүк керектелүүчү товарлары үстөмдүк кылат. Аларга келген акчалар максаттуу пайдаланылып жатканына байланыштуу өздөрүнүн өндүрүштүк товарларын кеңейтип алышты. Өзбекстан менен алакалар кыска мөөнөттө болгону менен бүгүн товар айландыруу боюнча Өзбекстан биздин рынокто үстөмдүк жаратууда. 
Бизде өнүгүүгө тоскоол болгон нерсе – популизм! Көбүнчө ушак-айың, популизм, туура эмес маалыматтардын баары биздин экономикалык, социалдык, идеялык жактан өнүгүүбүзгө тоскоол болуп жатат. Жоопкерчиликтин жоктугу, башаламан алакалар, системаны талкалоо, жыйынтыгында, биз бир беткей нукка түшө албай келебиз. Дээрлик өнүгүү стратегиясы жок, ошону менен бирге өз өлкөбүздү приоритети эмне экенин аныктай албай, орто жолдо чайналып жатабыз. 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер