Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Уранды казганда баары бир калдыктары калат”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Уранды казганда баары бир калдыктары калат”

22-июнь, 18:43
657 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун карап, комитеттен кийин пленардык жыйында ЖК кабыл алган. Бул боюнча тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков агай уран казуудагы маселелер боюнча ой бөлүштү.

-- Кыргызстанда уран казганга уруксат берилеби-берилбейби, анын зыяндуулугу кандай деңгээлде? Бул боюнча катуу талкуулар жүрүүдө. Дасыккан адис катары сиздин пикириңизди да уксак?

-- “Уран кенин иштетиш керекпи же жокпу?” деген туура маселе көтөрүлүүдө. Геологиялык изилдөөлөргө таянып көрсөк, ал жерде “Таш-Булак” деген участкасы бар. Ал толугу менен изилденип, аныкталган. Бүгүнкү күндө 3,5 миң тонна уран бар. 3,5 миң тонна торий, 10 миң тонна фосфор, 34 миң тонна цирконий жана 1,6 миллион тонна титаномагнетит бар. Андан тышкары башка да учатокторду алалы. Ал Торугарттан Орто-Токой суу сактагычына түшүп бара жатканда жол жээгинде орун алган. Ал эми Таш-Булак учаткасы Кубакы белине чыгып бара жатканда оң жагында да, сол жагында дагы жайгашкан. Баке деген дагы бир участкасы бар. Ал жогоруда мен белгилеп кеткен Кубакы белинен түшүп бара жатканда Орто-Токой суу сактагычына жетпей турат. Ушул кендердин баары ар кайсы жерде жайгашпай бир жерде болсо, иштетсек, экономика жагынан да жакшы болмок.

Биринчиден, “бизде титаномагнетит, торий бар экен” деп сыймыктанып сүйүнүшүбүз керек. Бир тонна торий өндүргөн энергияны 200 тонна уран араң өндүрөт. Бул 200 эсе күчтүү десек болот. Мисалы, Америкада жасалган машинаны 8 грамм торий менен 100 жыл айдаса болору изилденген. Бул келечектин иши. Ал эми бүгүнкү маселелерди чечүүнүн эки жолу бар. Биздин мамлекеттик мекемелерде жасалып жаткан иштер. Алар “биринчи мораторийди жокко чыгаралы, андан соң тийешелүү лицензияны бир мекемеге бекитип берели, ал мекеме лицензия алсын, андан соң мыйзамдын чегинде экспертизаларды жүргүзөлү” десе иштетип, “иштетпеш керек” десе токтойт да. Бул мыйзамдуу жол. Бир нече этаптардан өтүп, анан жүзөгө аша турган иш. Биз кыргызстандык, россиялык эксперттер эмес, дүйнөлүк коомчулуктан абройлуу чоң компанияны тартып келип, суроо коюшубуз зарыл. Биринчиси: иштетсек кандай, зыяны жокпу? Экинчиси: иштетип баштаган соң көйгөйлүү маселелер жаралып калса, чечсек болобу? Үчүнчүсү: иштеткенге болбойт (!) деген маселе. Абройлуу компания “экологиялык изилдөө жүргүзгөнбүз, зыяны жок” десе, эл дагы кооптонуудан арылат. “Жок, азырынча иштетүүгө эрте” десе, баардык ишти токтотуу зарыл. Келечекте дагы жаңы технологиялар чыкса, башка жолдор ачылат. 

Окумуштуу катары мен да кызыккан, билгим келген маселелер бар. 2018-19-жылдары Боронов премьер-министр болуп турган учурда, бул маселе жаңыдан көтөрүлүп жатканда тийешелүү комиссия түзүлүп, жүзгө жакын точканы карап дожеметрлер менен ченеп чыгышкан. Ченегенде орточо 20 микро рентген/сааттан 70 микро рентген/саатка чейин жеткен. Эгерде 50 микро рентген/сааттан ашса, ал жерде зыяндуу деп жазылган. Экинчиден, дагы категориялары бар. Микрозиверт/саат 0,2ден жогору болсо, зыян келтире турган радиациялык фон бар экенинен кабар берет. Карьердин өзүндө 1 микрозиверт/саат экен, бул нормадан беш эсе көп (!) дегенди билгизет.

 Мен “иштетпесин” деген ойдон алысмын, бирок экологияга зыяны болбойбу? Иштетип жатканда жайыттарга, Орто-Токой суу сактагычына канчалык кесепети бар? Бул суроолорго абройлуу компаниялар менен экспертизадан өткөрүп алсак, түз жол ачылмак.

-- Уран казып алуудагы кирешелер боюнча маалыматка көз карашыңыз?

-- Ал жерде бир ууч кумдун ичинде бир тоголок уран болгон болсо, он ууч кумдан он тоголок уран алынса, баары бир бир-эки тоголок уран кумдун арасында калат. Баарын ала албайбыз. Бир эле “Таш-Булак” участкасында 68 миллион куб кум бар экен. Бул кумду иштеткенден кийин биз 3,5 миң тонна уранды алышыбыз керек. Бирок баарын ала албайбыз, ал жерде баары бир калдыктар калат. Көйгөй ушул жерде. Кайталап коёюн, алынган уранды кайра иштеткенде сөзсүз түрдө ал жерде да калдыктар калат. Таптаза болуп эч качан иштетилбейт. “10 миллиард, 100 миллиард долларлык кен” деп бирөөлөр туура эмес маалымат менен азгырып жатат. Бирок анын 40%ы гана таза киреше болуп келет. 

Изилденген “Таш-Булак” участкасы тууралуу айтсак, ал жерде трасса өтүүдө. Кендин бир нече көлөмү корголгон зона катары калышы керек. Электр энергиясын алып өткөн аймактын кыйла бөлүгү да калтырылат. Мындан соң бир нече көлөмгө болжогонубуздан азайып кетет. Биз бул көлөм менен иштетип, экономикага пайда келтире алабызбы? Ушул боюнча эсептөөлөр жүргүзүлүшү шарт. Негизи экологиялык маселелерди эске алгандан соң да бааланат. Чалгындоого алына элек участкаларды изилдегенден соң гана биз экономикага болгон пайдасын эсептеп, жети өлчөп, бир кесип иш жүргүзсөк туура болчудай.

Ал эми торий, титаномагнетит, цирконий сейрек кездешүүчү металлдар келечектин иши. Биз бул металлдар боюнча али рынокко чыга элек кезибиз.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер