Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Үркүнгө, кыргыздын тарыхый инсандарына тийешелүү көп документтерди кездештирдим”

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы: “Үркүнгө, кыргыздын тарыхый инсандарына тийешелүү көп документтерди кездештирдим”

27-март, 09:00
794 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кыяс мырза, сиз жакында эле Ташкенттин архивине барып келбедиңизби. Ал жактан кыргыздарга тийешелүү кандай жаңы документтерди таба алдыңыз?

-- Ооба, Ташкенттин архивине улам-улам барып келип атам. Ал жакта кыргыздарга, ар бир облуска, ар бир районго тийешелүү өтө көп кызыктуу маалыматтар бар. Мына жакында эле барганда Молдо Ниязга байланыштуу бир топ материалдарды таптым. Мурда бул улуу акынды 1893-жылы каза болгон деп келсек, мен тапкан архивдик документтерде анын 1896-жылы каза болгону айтылат. Маргалаңдын Найман болуштугунда катталган тизмесин көрдүм. Андан тышкары, кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири, бирок бүгүнкү күнгө чейин аты аталбай, Өзбекстандагы адабий китептерде өзбек акыны катары саналып келген Молдо Калбек Муса уулу ибн Андижаний деген дагы бир жазгыч акын, анын үй-бүлөсү тууралуу маалымат таптым. Ал 1878-жылы Сибирге сүргүнгө айдалып, ошол жакта бир топ ыр дептерлерди толтуруп келген экен. Ал учурунда Ноокен болуштугунда бий болуп турган. Бул маалыматтарды мен 20 жылдан бери издеп жүрдүм эле. Молдо Нияздын ырында ырдалган Ташбек Үмөт уулу тууралуу да маалыматтарды таптым. Андан сырткары, 1916-жылдагы Үркүнгө, кыргыздын тарыхый инсандарына тийешелүү көп документтерди кездештирдим. Азырынча мен аларды тизмелеп эле жатам. Келечекте мамлекет аралык келишим түзүлүп калса, ал документтерди сүйлөшүп, өзүбүзгө алса болот. Азырынча көчүрмөсүн алуу өтө кымбат. Анткени, 1 эле бети 450 сомдон экен. Он бет алсаң эле 4500, 100 бет алсаң 45 миң сом болуп кетет. Азыр мамлекет архивдик изилдөөлөргө каражат бөлбөгөндүктөн, жөн гана тизмелерин алганга туура келүүдө. 

Иши кылып, Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыздарга, жалпы эле Кыргызстан аймагына тийешелүү көптөгөн архивдик документтер Ташкенттен табылат. Мына, Таласка тийешелүү архивдик документтер өтө терең иликтенбей келген. Буюрса, эми аларга дагы кол жете турган учур келди. Биз, тарыхчылар мурда өзүбүздүн тандаган темабызга тийешелүү гана документтерди таап келсек, эми жалпы Кыргызстанга тийешелүү документтерди иретке келтирип коюу аракети жасалууда. Бул жалпы мамлекет алкагындагы өтө чоң иш. Тилекке каршы, азыр мамлекет архивдик документтердин тарыхтагы өзгөчө маанилүүлүгүн жакшы түшүнө элек. Келечекте түшүнүп, каражат бөлүп калса, өз ара мамлекет аралык сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, ал баалуу докуменеттер өзүбүзгө келет. Азыр Өзбекстандын президенти Шавхат Миромонович Кыргызстанга жакшы мамиле кылып аткан мезгилде тарыхчыларга изилдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Мурдагы президенттин учурунда “кыргыздарга тийешелүү документтер жок” деген жоопту алчу элек. Өкүнүчтүү жери, архив ачык болгону менен бүгүнкү күндө каражаттын тартыштыгынан, документтердин көчүрмөсүн алуу өтө кымбат болгондуктан, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн көп тарыхчылар, аспиранттар үчүн архивдерге иштөө мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ташкенттен келгенден бери ушул маселени биздин бийликтерге улам-улам көтөрүп, каттарды жазуу менен алектенип жатабыз. Буюрса, чечилип калса ажеп эмес.

-- Окурмундарыбыз табылган архивдик документтер менен кантип таанышса болот?

-- Аларды мүмкүнчүлүккө жараша келечекте жазыла турган монографиялык эмгектеримде, ага чейин макалаларымда пайдаланып, буюрса элге жеткиребиз. Алдыда бир нече илимий конференциялар бар, ошол жыйындарда да баяндамаларды жасайбыз. Күзгө чейин Ташкент архивиндеги документтерди изилдөөгө бизде мүмкүнчүлүк бар. Каражат табыла калса эле улам-улам барып турабыз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер