Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атай Бейшенбек: “Теңгиз Бөлтүрүктүн кылып жаткан иш-аракеттери өтө дыкат иликтениши зарыл”

Атай Бейшенбек: “Теңгиз Бөлтүрүктүн кылып жаткан иш-аракеттери өтө дыкат иликтениши зарыл”

30-июнь, 22:13
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Атай мырза,Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө айтылган сын пикирлер көбөйдү. Ал кишинин киреше-чыгашасы жок иш алып баруулары, өтө чоң жоопкерчилиги тууралуу кандай ойдосуң?

-- Негизинен Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгүнө ал жетектеген “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзгөчө талаптарды коюшу шарт. Анткени ал кишиге өтө чоң жоопкерчиликтин баары жүктөлгөн. Бүгүн жумушчу орун түзүү, ошол эле кенди президент убада берген шарттарда иштетүү, жаңы инвестицияларды тартуу жана башка олуттуу стратегиялык максаттар алдыга коюлган. Иш жүзүндө биз жеңил, куру саясатташтырылган пиар кампанияны көрүп жатабыз. Ал киши токой чарбасына барып машина берип жатат, концерттерди уюштурууда. Кайрымдуулук иш-аракеттерди алып барууда. Кандайдыр бир маңызы жок “тегерек үстөлдөрдү” уюштурганын көрүүдөбүз. Ал холдингдин ар бир тыйыны өлчөнүп, өтө сарамжалдуулук менен эффективдүү пайдаланылышы керек деген максатты көздөп жатканбыз. Эгер ал спорттук, маданий иш-чараларды өткөрө турган болсо, ошол иш-чараларды уюштурган мамлекеттик ыйгарым укуктуу бийлик бутактары эмне иш-аракет кылат анда? 

Ошондуктан кылып жаткан иш-аракеттери кылдат, дыкат иликтениши зарыл. Буга чейин канча убакыт өтсө да, Теңгиз Бөлтүрүк жетектеп келаткан Кумтөр, ошол эле жаңы холдингдин киреше-чыгаша бөлүктөрүн мындай ачык көрө элекпиз. Жалпыланган суммалар гана айтылат. Ал эми ким чечим кабыл алып, иш кандай жүргүзүлүп жатат – ал тууралуу жалпы кыргыз эли эмес, Кыргызстандын казынасын карай турган финансы министрлиги да жооп бере албай жаткандыгы өтө кооптуу жагдай жаралганы тууралуу маалымат берет. Себеби, биздин бюджеттин каражаты атайын бекитилген негизде гана сарпталышы зарыл. Финансылык саясат жүргүзө турган учурду токтотушубуз керек.

-- Бирок бүгүн биз көрүп жаткан жагдай башкача го?

-- Кептин баары ошол Теңгиз Бөлтүрүк каражатты каалашынча сарптап, каалагандай кадр саясатын жүргүзүп, каалагандай чыгашаларды өзүмбилемдик менен алып барып жаткандыгында. Бир иши буга далил болуп өттү – президент менен, министрлер кабинетинин төрагасы менен дагы эч бир макулдашылбаган имаратка көчүп кеткендегиси. Бүгүнкү күндө буга канчалык негиз бар эле? Керек болсо сырттан, Канададан келген ошол “Центерра” дагы “Учкунда” эле канча жылдан бери иш алып барган. Анан биз өзүбүзгө алганда борбордон бизнес класстагы имаратты алуусу канчалык актуалдуу? Бүгүнкү күндө ал каражатты дагы жумушчу орундарын түзүүгө сарптаса туура болмок. Ошондуктан миң ишинин бир иши коомдо ушундай резонанс жаратты. Баардык ишин ачыктаганда, маселе кабыргасынан коюлушу толук ыктымал. 

Теңгиз Бөлтүрүктүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин, ар бир айтып жаткан сөзүн, жасап жаткан иштерин тыгыз анализдешибиз керек. Маселен, бир гана чыгаша-киреше эмес, Кумтөрдүн эртеңин жана алдыда болуп жаткан стратегиялык 36 долбоордун келечегин да тыкыр иликтөөгө алышыбыз абзел. Анткени ал киши башкарган холдингге өтө көп стратегиялык бюджетти камтуучу долбоорлор берилген. Анын баарынын тагдыры кандай чечилип жатканын коомчулукка ачыктап беришибиз керек.

Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине баа берип тура турган атайын индикаторлорду дагы мамлекет тарабынан иштеп чыгышса болмок. “Мурун жана азыр кандай болуп жатат?” дегендей салыштырмалуу таблицалар болсо жарашмак. Мисалы, коомчулукта буга чейин Кумтөрдү “Центерра” башкарып келгенде кандай актуалдуу маселер болсо, азыркы күндө сырттан башкарууга алган Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү дагы күн тартибинде актуалдуулугун жогото элек. Демек, ошол ишмердүүлүгүнө жараша олуттуу маселелердин чечилишинин таблицасы менен жооп алсак болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" геити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер