Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөмдөн көңүлүм калган кезде мени сыйлаган адамга жолуктум...

Күйөөмдөн көңүлүм калган кезде мени сыйлаган адамга жолуктум...

14-июль, 12:51
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Жолдошум менен жашаганыма жети жыл болду. Үч балабыз бар. Сыртынан караганда жолдошумдун жаман адаты жоктой көрүнөт. Ичпейт, чекпейт. Бирок ошол жакшы сапаттары үй-бүлөбүзгө жылуулук алып келген жок. Экөөбүздүн ортобуздагы мамиле күндөн-күнгө муздап, мен өзүмдү бул үйдө аял катары да, адам катары да бааланбагандай сезем.

     Кичине эле пикир келишпестик болуп калса, мага айтпаган сөзүн айтат. Көржеме. Оор, намысыма тийген сөздөр менен кемсинтет. Эгер уруш күчөп кетсе, кол көтөргөн учурлары да болот. Эң оор жери мунун баары балдарыбыздын көзүнчө болот. Айрым учурда бөтөн адамдардын алдында да уялбай сөгүп, абдан орой мамиле кылат. Ошондой күндөрдө жүрөгүм эзилип, балдарымдын психологиясына кандай таасир берип жатканын ойлоп ичим ачышат.

     Жолдошум үй-бүлөнүн материалдык жоопкерчилигин да дээрлик мойнуна албайт. Мага да, балдарыбызга да кийим-кече алып бербейт, акча карматпайт. Үйдүн ар бир ишине кийлигишип, идиш-аяктан тартып, ар бир майда-чүйдө нерсеге чейин көзөмөлдөйт. Ушунун баары мени абдан чарчатты. Азыр анын жанында отуруп чай ичүүгө да көңүлүм жок. Жүрөгүмдө ага болгон жылуулук акырындык менен өчүп калды.

     Бир жолу экөөбүз ажырашып, бир топ убакыт өз-өзүнчө жашаганбыз. Кийин кайра жарашып, үй-бүлөбүздү сактап калууга аракет кылдык. Бирок тилекке каршы, эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол эле мамиле, ошол эле кемсинтүү, ошол эле көз жаш...

     Ошол ажырашып жүргөн убакта бир жигит мага үйлөнүү сунушун айткан эле. Мен болсо үй-бүлөмдү сактап калам деген үмүт менен анын сунушун кабыл алган эмесмин. Бирок ал адам эки жылдан бери дагы эле мени күтүп жүргөнүн айтып келет. Ал мага ар дайым көңүл бурат, майрамдарда белектерди берип, таттууларды, кийим-кече алып келип, көңүлүмдү көтөрүүгө аракет кылат. Акча жагынан да жардамын аябайт. Анын мурунку жубайы менен ажырашуусуна апасынын каршы болгону себепчи экен. 

     Азыр болсо өзүмдү чоң тандоонун алдында тургандай сезем. Бир жагында балдарымдын атасы болгон, бирок мага сүйүү да, сый да көрсөтпөгөн жолдошум. Экинчи жагында мени баалап, кам көрүүгө даяр экенин иши менен далилдеп келе жаткан адам. Менин эң чоң коркунучум – жаңылыш чечим чыгарып алуу. Бирок ушул жашоодо аял катары да, адам катары да бактылуу болууга акым барбы? 

                                                                Мунара

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер