Бишкек милициясын Свердлов жана Биринчи Май РИИБлери артка тартканы айтылууда


Ушундай. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын артка тарткан Свердлов жана Биринчи Май РИИБлерин кантебиз? Соцтармактагы сын-пикирлерге, көз карандысыз серепчилердин билдирүүлөрүнө караганда, береги эки мекемеге көптөгөн нааразычылыктар айтылат экен. Тийешелүү жетекчиликтер анализге алышып, баа берүүлөрү кажет. Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев Жибектин атып өлтүрүлүшү боюнча шалаакылык, кайдыгерлик жасаганы үчүн УКМК тарабынан тергелүүдө. Натыйжада, жазалоо расмиси, өкүмү окулабы? Ал эми Биринчи Май РИИБ башчысы Эрназар Дүйшекеев балалык кылып, тажрыйбасы жетпей жатканы талкууга алынууда. Буга чейинки алешем жүрүштөрүн эске албаганда, келечекте дагы бир “бомба жарылса”, анан акылыбызга келебизби? Айтор, ушул эки жетекчи Бишкек ШИИББни артка тартып атканы боюнча ачык талдоолор керек...










