Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызстан” партиясынын мыйзамдуу сакталышы – туруктуулуктун кепилдиги

“Кыргызстан” партиясынын мыйзамдуу сакталышы – туруктуулуктун кепилдиги

29-август, 17:07
883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Макале” менен “Сексалюну” эсепке албаганда, “Кыргызстан” партиясында белдүү, мекенге кызмат кыла турган азаматтардын бар экени жалганбы? Президент Сооронбай Жээнбековго ишенимдүү, о.э. мамлекеттин өнүгүшүнө, туруктуулугуна салым кошчу талапкерлерди кантип жокко чыгарабыз? Албетте, олуттуу суроолор азырынча ачык ойдон турат.

Жогорку соттон “Кыргызстандын” тагдыры чечилгени калды. Арзыбаган техникалык каталардын айынан батышчыл күчтөр кылдан кыйкым издешти. Сот убактылуу чыр-чатак чыгаргандардын басымында калбай, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө карап, жүз миңдеген шайлоочулардын укугун басмырлабай, адилеттүү чечим чыгарышы зарыл. Бишкек административдик соту талашсыз, мыйзамдуу алкакта партиянын укугун сактады. Жогорку сот эми калыстыкты улантышы керек да, туурабы?

Айрым “бийликчилбиз” деген партиялардын тизмесине криминалдык элементтер, Кудайдан жөө качкан эргулдардын кирип алышканын кантебиз? Жакында алардын да жүздөрү ачылат. Ошондо “Макале” менен “Сексалю” көзүбүзгө “сүйкүмдүү” көрүнүп калбайбы?..

Эң башкысы, мамлекеттин өнүгүшүнө аракет кылган, президентке таяныч боло турган “Кыргызстан” партиясы оюндан четтеп калса, оппозициялык талаа мындан дагы чыңалып, алар огобетер дух алышат го? Анда бийликтин алсыздыгынан пайдаланышып, батышчыл күчтөр ансайын чыңалышат эй! Соцтармактагы жалданма фейктер, троллдордун атакасы жалпы элдин пикири эмес! Учурда жасалма ураан, саясый оюндар менен коомчулукту адаштырууга баратышат. Бир колун чаап салган бийлик каршылаштары менен кантип күрөшмөк эле? “Реформа”, “Ата Мекен”, “Бир Бол” “Чоң казат” ж.б. партиялар ансыз деле “каяктын обонун созушканын” көрүп атпайсыңарбы?..

Эмесе, арканды алыс ыргытып, чечкиндүү кадам таштай турган кез келди...


Aryba.kg 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер