Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева өмүр бою депутат болобу?

Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева өмүр бою депутат болобу?

03-сентябрь, 18:24
2 084 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Динара Исаева күйөөсү Данияр Үсөновдун аркасы менен эбегейсиз байыган. “Кой үстүндө торгой жумурткалагандай” жашоодо жыргашкан. 2010-жылы төңкөрүш болуп, оор кылмыш иштерине шектелген Данчик качып кеткени белгилүү. Ал эми аялы эч нерсе болбогондой эле бизнесин улантты. Көп нерсени кулагынан ары өткөзүп коюп...

Ошентип, Динара Исаева 2010-жылы “Ата Журт”, 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партияларынан депутат болду. Жарытылуу мыйзам жазганын, же болбосо трибунага чыгып, элдин таламын талашкан үнүн укпадык. Он жылдан бери “балык” депутаттардын катарын толуктап, жалган дүйнөнүн доорун сүрүп, бизнесин өркүндөтүп келатат... Эми болсо “Биримдик” партиясынан шайлоого аттаныптыр. Баягы эле миллиондоруна таянып атса керек. Акчадан да бийик баалуулуктар бар экенин бул кайдан билсин? “Кой аксагы менен миң” дегендей, көптүн ичинен көзгө оркоюп, акыры партияны жаманатты кылып койбойбу?..

Мурдагы бийлик Данияр Үсөновду сыртынан соттоп, издөө жарыялаган. Анын оор кылмыштарга катыштыгы бар экени сот тарабынан далилденген эле. Учурда күйөөсү Беларуста ири инвесторго айланып, Даниил Урицкий деп атын өзгөртүп, Кыргызстандан уурдап кеткен байлыгы менен башка мамлекеттин казынасын толтурууда. Аялы болсо парламенттин төрүнөн түшпөй, “чалчактап” отурат. Өмүр бою депутат болобу? Акыры булардын да жооп берчү күнү келет го?..


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер