Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров таза шайлоого күмөн жаратат”

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров таза шайлоого күмөн жаратат”

01-июль, 22:29
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Токтайым эже, тар чөйрөдө “депутаттар мөөнөтүнөн мурда тарап, парламенттик шайлоо күздө болот” деген маалыматтар айтылууда. Депутаттардын эл менен бат-баттан жолуга башташы келерки шайлоого кам көрүп жатышканыбы? 

-Мөөнөтүнөн мурун таратпаса деле депутаттардын аз эле убактысы калды. Бирок, шайлоону көздөгөн күчтөр жаңы аракеттерин көрүп атышкандай. Акүйдүн оңдоп-түзөөдөн өтүүсүн да ошого байланыштыргандар бар. Күздө шайлоо болот деген маалыматтанбы, айтор, депутаттар элден бат-бат кабар алышып, жолугушуулар арбыды

-Эгер чындап шайлоо болсо, кимдер ийгиликке жетиши мүмкүн?

-Менимче, алдыдагы шайлоодо Батыш менен Чыгыштын саясатын жүргүзгөндөр катуу кармашат. Ошондой эле бийлик дагы Атамбаевдин санаалаштарынан арылууну жана парламентке жаңы жүздөрдү алып келүүнү көздөйт. Кыскасы, жаңы шайлоо мыйзамын негиз кылып, жогору жактагылар өз саясатын колдой турган депутаттарды жана топторду жылдырышат. Менин баамымда, бул жолку парламенттик шайлоо абдан курч, күчтүү атаандаштыкта өтөт. Бийлик сүрөгөн талапкерлер менен кошо өзүнө ишенген, билимдүү улан-кыздар чыгышат. Алар адилеттүүлүктү талап кылышат. Айрым мүчүлүштүктөргө жол беришсе, кырдаал оорлоп кетиши ыктымал. Ошон үчүн БШКны Шайлдабекованын чапанынан чыккандарга эмес, адилеттүү иш кыла алган, калыс жана таза адамга башкартышса, мамлекет үчүн да, эл үчүн да пайдалуу болмок. 

-Ошондо таза шайлоодон күмөн санап жатасызбы? 

-- “Таза шайлоо болсун деп ниет кылып атам. Анткени, үмүттүн шооласы үзүлбөйт да. Бирок, бийликтегилер Шайлдабековадан калган шайтан аппараттарды, ал түзүп кеткен программаларды колдонууга киришсе, абал өзгөрүп кетиши ыктымал. Адам катары БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров жаман жигит эмес, бирок ал Шайлдабекованын жасалма жыйынтык чыгарган мезгилинде аны менен иштешкен адам да. Ошон үчүн Шайназаровдун бул кызматта турганы таза шайлоо болорунан күмөн жаратат. 

Андыктан шайлоонун жыйынтыгын аппарат эмес, кол менен санай турган кылыш керек. Же болбосо, Шайлдабекова менен чогуу иштегендердин баарын кызматтан алып, таза, калыс пикирди тутунган, адилеттүүлүктү жогору койгон адамды БШК жетекчилигине дайындашы зарыл.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер