Гүлсана Бапаева: "Өт -- вирустардын баарын өлтүрүп, тамакты жакшы эритет"
-- Азыркы сасык тумоодон кантип сактанабыз? Кандай кеңештерди жолдойсуз?
-- Сасык тумоо суукта күчүнө кирүүчү дарт. Суукта адамдар өздөрүнө көбүрөөк көңүл бурушу керек. Суукта эле эмес жылдын төрт мезгилинде тең эле өздөрүнө көңүл бурушу шарт. Дайыма белгилеп айтканымдай эле адам канчалык көбүрөөк суу ичип жүрсө, кан ошончолук жакшы айланат. Бүт эле оору: сасык тумообу, же башкасыбы, баары кан айланунун жакшы иштебей калганынан чыгат. Ошон үчүн адам дайыма жасалуучу массаждарды жасап, суу ичип, жылуу кийинип, кыймылда болуп жүрүшү керек.
Мурун менен дем алып, ичти алдыга чыгарып, ооз менен менен дем алып жатканда курсакты тартып турган кыймыл – бул эң сонун. Өпкөнү, ички көңдөйдү, көкүрөк көңдөйдү да жакшы иштетип, кан айланууну жакшыртат. Курсакка массаж канчалык көп жасалган сайын биздин ар бир органдарыбыз жакшы иштей баштайт. Тамакты жөндөш керек. Сөзсүз санитардык норманы сактоо зарыл. Колду кир самын менен жууп туруу шарт. Бир беткап менен бир ай жүрбөй, эки саат сайын алмаштырып туруу абзел. Ким отуруп иштесе, сөзсүз эки саат сайын туруп, өйдө-ылдый эңкейип, өттү чыгарыш керек. Өт – биздин дарыкана. Мен Америкада болуп, дарыкана дегенди көргөн жокмун. Бир шаарда бирден эле дарыкана. Адамдар негизинен өздөрү менен өздөрү машыгышат экен. Биз дагы денени дайым кымылда кармап, өттү жакшы чыгарып турсак болот. Өт биздеги вирустардын баарын өлтүрүп, тамакты жакшы эритет.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити