Дастанбек Жумабеков: “Президенттин, элдин үмүтүн актабаган министрлерди жазалаш керек”

-- Дастанбек Артисбекович, төрт министрдин иштен алынышына көз карашыңыз кандай?
-- Башмыйзамдын негизинде министрлердин дайындалышы, алардын жумуштан алынышы – бул түздөн-түз өлкө башчынын укугу. А Жогорку Кеңеш аларды бекитип беребиз. Президентибиздин “ким жумушун алып бара албаса, мамлекет үчүн таза иштеп бербеген жетекчилер болсо, аларды бир күн да кармабайм” деген сөзү бар болчу. Мен ойлойм, ошонун негизинде алынды окшойт. Кээ бир министрлер кылмыш иши козголгондон, пара менен кармалгандан кийин алынды. Бул туура эле чара. Кийинки келген жетекчилерге бул сабак болуп, кадрлар ушинтип отуруп тазаланат деген ойдомун. Президент ишенип, Жогорку Кеңеш үмүт артып бекитип бергенден кийин мамлекет, эл үчүн таза иштеп бериш керек. Бүгүнкү күндүн талабы ушул болуп атат.
-- Кандай дейсиз, министрлердин үстүнөн кылмыш иши козголуп, кармалып жатканы – бул коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатканынын далилиби, же кадрлардын сапаты начардыгынын белгисиби?
-- Жаңы дайындап атканда билбейт экенбиз да. Резюмесин карасак таза, өңү дагы жылуу, акылдуу көрүнөт. Бирок, ички сырын билбейбиз да. Анан аларга “бир тармакты жетекте” деп тизгинди карматкандан кийин таза иштеши керек. Бирок, кээ бирлери адашып, жаман жолдорго барып атышпайбы. Президенттин, Жогорку Кеңештин, элдин үмүтүн актабай, өз кызыкчылыгы үчүн иштеген министрлер бар экен. Эми ошолорду кетириш керек, тазаланып атат. Коррупцияга аралашканы көрүндүбү, кылмыш ишине бардыбы, аны “мейли, сени кечирдик, дагы иштей бер” деген болбойт. Азыр министрлер кабинетине, ар бир министрге ушунчалык чоң шарттар түзүлүп берилген. Алар ошону пайдаланып, ишенимди акташы шарт. Эгер актабаса, анда күнөө өздөрүндө. Кызматка дайындалгандан кийин өз билгенин кылганы туура эмес. Андайлар жоопкерчиликке тартылышы керек.
"Азия Ньюс" гезити