Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ататүрктөгү хансарайларга алы жетпей, Көк-Жардагы үйлөргө үрпөйгөн Айбек Жунушалиев

Ататүрктөгү хансарайларга алы жетпей, Көк-Жардагы үйлөргө үрпөйгөн Айбек Жунушалиев

19-август, 22:21
3 865 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин ишке чоркоктугу, алдыны көрө билбегендиги ачыктала баштады. Көк-Жар айылындагы тургундардын үйлөрүн түрттүрүп салууга ашыгып, коомчулукта нааразычылыктарды жаратты. Бул боюнча Камчыбек Ташиев да каймана иретинде сындап өттү. “Үйлөрүн түрттүрүп, өздөрүн талаага айдап салган болбойт. Алар менен сүйлөшүп, турак жай бериш керек” деди генерал-полковник. Туура да. Көк-Жардагылар участок алганда алданышып, акыркы акчаларын сарптап жатышса, анан мэрдин кылганы акылга сыябы? Бийлик элге кызмат кылууга милдеттүү. Бул маселени терең карап, адилеттүү, айкөлдүк таризинде чечим чыгаруу зарыл. Оргу-баргылыктын кедери тийип калбайбы? Канча деген адамдар сыздашууда? Өкүнүчтүү!

Айтмакчы, Айбек Жунушалиев Ататүрк паркында жайгашкан хансарайларды да сүрдүрүүгө камынып, бирок ал жердеги күркүлдөрдүн кылын да кыйшайта алган эмес. Байлардын таасири башкача экен да. Ататүрк паркын кайтара албай, баштаган чечиминен кайтканын кантебиз? Мындай кош стандарттуу жүрүшүнө эмне дейбиз? Уят да.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер