Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Шаки “Аю” заводун өз эрки менен бергендир...”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Шаки “Аю” заводун өз эрки менен бергендир...”

20-апрель, 13:39
1 039 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, азыр “Аю” спирт заводунун конфискацияланышы коомдо аябай талкууланып жаткан кези. Бул канчалык туура чечим болду деп ойлойсуз?

-- “Мамлекет басып алды”, “конфискациялады” деген туура эмес. Соттун чечими жок конфискация болбойт. Сөз товарды конфискациялоо тууралуу айтылып жатса керек. Баары мыйзам чегинде болуп, алган да, берген да ыраазы болууга тийиш. Мисалы, Кумтөр кени деле өз ара түшүнүүчүлүк менен өтпөдүбү. Балким, Шаки “жөн эле тура бергенден көрө эл үчүн иштесин” деп чын эле өзү мамлекетке бергендир. Аны билбейм да. Мен өзү менен сүйлөшө элекмин. Шаршенбек Шайлообекович ооруканада, дагы бир операцияга даярданып жатат.

-- Киреше бере турган тармактардын баары, мисалы, спирт өндүрүү тармагы мамлекеттин колунда болууга тийиш деген көз караш бар. Сиз буга кошуласызбы?

-- Спирт мамлекеттин колунда болуш керек дегенди колдойм. Бюджетти толтуруп, мектеп, оорукана, жол сыяктуу социалдык объектилерди салышыбыз керек да. Керек болсо Кумтөрдөн башка алтын кендери да мамлекетке иштеши керек. Мен өзүм базар экономикасын жактаган адаммын. Бирок ошентсе деле кээ бир тармактар: энергетика, тамеки, спирт өндүрүшү мамлекеттин көзөмөлүндө болгону туура. Спиртти анан каалаган арак заводу сатып алып, иштете берсин. Канча арак өндүрүлүп, канча салык төлөнүп жатканына да көзөмөл болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер