Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карыганда абышкам жаш келинди сүйүп кетти...

Карыганда абышкам жаш келинди сүйүп кетти...

16-январь, 12:48
5 598 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен 70 жаштагы кемпирмин, бирок жеке жашоом таңыркатууда. Мен үчүн да, балам, кыздарым жана неберелерим үчүн түшкө кирбеген окуя болуп жатат. Жолдошум да 70 жашта, экөөбүз теңбиз, пенсиядабыз, бирок ал иштейт. Ошол келин менен кайсы убакта таанышып, табышып алганын эч кимибиз билбей калдык. Абышкам март айында үйдөн чыгып кетти. Көрсө, 25 жаштагы хиджап кийген жаш келиндин үстүнө кирип алыптыр... Көп өтпөй кыздарымдын иши жүрүшпөй үйдө отуруп калышты, анан аларды балдары менен үйгө апкелип алдым. Бир неберем ДЦП менен ооруйт, ошонун айынан кызым да азабын тартып, давление болуп калды, атасынын кеткени да оор тийип, инсульт алып, ары барып, бери келди. Бирок атасы баардык телефондорду блок кылып, өзү бир да чалып алыбызды сураган жок. Ортодон алты ай өткөндө эмнегедир көрүнө баштады, баламдын үйүнө келип-кетип жүрөт. Бирок, эки-үч күн баламдыкында жашаса, үч-төрт күн тиги хиджапчан келиндикинде. Эми эмне кылсам ыя?..


Майрам  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер