Акыркы кабарлар
» Коом » Балбак Түлөбаев: “Тойлорду жабалы десем, штабдын чечими башкача болуп жатат”
Балбак Түлөбаев: “Тойлорду жабалы десем, штабдын чечими башкача болуп жатат”
10-ноябрь, 17:47
553 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык мэриясында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өтүүдө. Анда вице-премьер Элвира Сурабалдиева, шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев катышууда.
"Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абал коомдук транспорттон, тойлордон улам курчуп жатат деп айтылууда. Тойлорду жабалы деп айткам, бирок штабдын чечими башкача болуп жатат. Азырынча тойканалар жабылбайт. Анткени азыр шаарда абал туруктуу" деди шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев.