Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ковидден эл кырылып баштаса, Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошунду жылытпай ичиришеби?..

Ковидден эл кырылып баштаса, Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошунду жылытпай ичиришеби?..

27-июнь, 20:32
1 898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин гезит тээ кыштан бери саламаттык сактоо министрине кайрылып, какшап келдик, “өлкөдө эч кандай пандемияга даярдык жок” деп. Казакстан бир күндө жүз миңдеп вакцина сайдыртып атса, Өзбекстан менен Тажикстан дагы эң активдүү чараларды көрүп атышты. А биз болсо Алымкадыр Бейшеналиевдин жетегинде жалпы дүйнөгө аконит (уу коргошун) менен атагыбыз чыкты. “Ковакс” аркылуу келчү алты жүз миң вакцина министр А.Бейшеналиев убагында кол койбой атып, келбей калды. Ал вакцина келгенде азыркы күнгө чейин жок эле дегенде 300 миң жердешибиз сайдыртып алмак. Эми азыр белгилүү англис журналы “Ланцет” жазып чыккандай, бизде он миңдеген жарандарыбыз кырылганы турат. Андай болбой эле койсун! Алымкадыр Бейшеналиев убагында вакцина алып келбей, канчалаган залкарларыбыз өтүп кетти акыркы апталарда! Буга ким жооп берет? Былтыркы апааттан кийин Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулаган (шайлоодон эмес). Шаардыктардын жана өзгөчө жаштардын жек көрүүсүнө Соке так ошол июлдагы пандемия учурунда калган. Эми азыркы жаңы бийлик аконит ичиреби? Быйыл да абал өтө курчуп кетсе, туугандарын жоготкон элибиз Алымкадырды кечирбейт го! Керек болсо ошол эле уу коргошунун жылытпай туруп өзүнө ичиришсе, таңгалбагыла! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер