Акыркы кабарлар
» Саясат » «Баарыңарды каматам!» Министр Бейшеналиев менен медицина кызматкерлеринин чыры
«Баарыңарды каматам!» Министр Бейшеналиев менен медицина кызматкерлеринин чыры
13-декабрь, 12:14

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Акпай Сарыбаевдин ордуна улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Медет Бейшенкуловду жамаат менен тааныштыруу үчүн барган.
Ал жыйындын интернетте тараган видеосунда министр менен оорукананын айрым кызматкерлеринин кайым айтышын көрүүгө болот. Өзүн борбордун юристи катары тааныштырган Жумгал Өмүралиев Бейшеналиевди “көчөдөн келген министр” деп сындагандан кийин кайым айтышуу күчөп, министр жетекчи алмашканы жөнүндө буйрукту окуп, кетип калган.
Учурда министр Алымкадыр Бейшеналиевден аталган окуя боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.