Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үйүмдү М.Бакиевдин кайын журту тартып алган, аргасыздан Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылып жатам

Үйүмдү М.Бакиевдин кайын журту тартып алган, аргасыздан Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылып жатам

16-февраль, 09:00
917 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке

Кайрылуу

Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!

Өзүм пенсионермин, мигрант кызымдын үч кичинекей балдарын багам. Он эки жылдан бери батирде жашайм. Жашаган жалгыз үйүбүздү алдамчылар тартып алышкан, М.Бакиевдин кайын журттары. Алар “үйүн сатты” дедиртип жалган доверенность жасатышкан. Үйүмдүн оригинал документтери, кызыл китеби өз колумда эле турат. Мен үйүмдү эч кимге сатып, же күрөөгө коюп эч кимден акча алган эмесмин. 15 сотых жери менен бир эмес эки үйүмдү тартып алышкан. Он эки жылдан бери убара болуп келатам. Башкы прокуратура ийне-жибине чейин текшерип, иш козголуп, көрсөтмө берилген. Бирок райондук РИИБ дагы, облустук тергөө дагы прокуратуранын көрсөтмөсү менен текшербестен, коррупциялык жол менен текшеришти. Протоколун бири-биринен көчүрүп жазып, “кылмыш иши жок” деп коюшту. 

Акыркы үмүтүм менен башкы прокуратурадан суранып, сизге ишенип, УКМКга котортком. Бирок Чүй облустук башкармалыгынын тергөөчүсү Чыңгыз Жаналиев “биз граждандык ишти карабайбыз, мамлекеттик иштерди гана карайбыз” деп жаап салган. Айлам кетип, үйүбүз жок отурабыз. Сизге – УКМКга арыз жазып бир нече жолу кайрылдым. Бирок жооп алалган жокмун. Аймактык телекөрсөтүүдөн эки жолу кайрылдым эле, дагы деле жооп жок. Бир жылдан бери сиздин кабыл алууга жазылдым эле, киргизбей жатышат. Мени кабыл алып коюуңузду суранам!


Бурул Нусубалиева, пенсионер, Ысык-Ата району

Тел.: 0704-20-28-21 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер