Абдырахман Маматалиев: “Алымбек датка бүт өмүрүн кыргыз элин ынтымакташтырууга арнаган”


«Кепилдик фонд» ААКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү, КР мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы директору Абдырахман Маматалиевди кепке тартып, айтылуу Алымбек датка боюнча сүйлөштүк.
-- Абдырахман Мадакимович, Алымбек датканын 225 жылдыгы Алайда белгилегени жатат. 31 жашында датка наамын алып, 32 жашында Ошто таасири чоң болгон Алымбек датка тууралуу эмнелерди айткыңыз келет?
-- Алымбек датка XlX кылымдагы кыргыз улутунан чыккан эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттик ишмер, аскербашы, дипломат, агартуучу болгон. Ош шаарынын беги, Анжиян вилаятынын акими, Кокон хандыгында башвазир болуп 30 жылдан ашуун иштеген. Бүт өмүрүн кыргыз элин ынтымакташтырууга, эгемендүү кыргыз мамлекетин курууга арнап, шейит кеткен инсан.
-- Анын эрдиктери тарыхта калып, кийинки муунга жеттиби?
-- Тилекке каршы, анын даңазалуу өмүр жолу, жасаган иштери, эрдиктери айтылбай, көмүскөдө калып, кийинки муунга толук жете элек. Совет мезгилинде Алымбек датка сыяктуу кыргыз улутунун мыкты инсандары жөнүндө маалыматтар жокко эсе болуп, жабык тема эле да… Алгачкы жолу 2015-жылы Алымбек датканын өмүр жолу, ишмердиги жөнүндө тарыхый иликтөөлөр башталып, илимий-практикалык конференциялар өткөрүлүп, китептер басылып чыккан. Эми быйыл 225 жылдык мааракесинин алкагында коомчулукка жеткиликтүү өлчөмдө маалымат берилет го деп турам.
-- Алымбек датка парваначы генералга тете аскердик наамын эң биринчи алыптыр. Анын аскердик жүрүштөрү боюнча эмнелерди айта аласыз?
-- Ал киши Кокон хандыгындагы коргоо, коопсуздук багыттарын түздөн-түз жетектеген жогорку деңгээлдеги мамлекеттик ишмер, аскербашы болгон. Ага чейин да ар кандай кагылышууларда кыргыздардын аскерлерин жетектеп, өзү алдыда жүргөн. Мисалы,1845-1848-жылдары Ош шаарынын жанындагы кыргыздар менен Кокон хандыгынын сарбарлары менен болгон согушта Кашгардагы 7 кожонун козголоңундагы согушта, кыргыздардын 5000 аскерден турган колун жетектеп, өзү жекеге чыгып, душмандын баатырын сайып түшүргөн. 1860-жылы Узун-Агачтагы орус аскерлери менен болгон согушка кыргыздардын 12 миң адамдан турган колун жетектеп келген. Мындай мисалдар арбын.
-- Алымбек датка 300дөн ашык баланы өз эсебинен медреседе окуткан деген маалыматтар да бар…
-- Алымбек датка өзү билимдүү, агартуучу ишмер болгон. Ош шаарынын беги болуп турганда 9 мечит, чоң медресе салдырып, Араб мамлекеттеринен аалымдарды алып келдирип, 300дөн ашык балдарды өзүнүн эсебинен бекер окуткан. Тилекке каршы, Совет бийлиги орногондон кийин, коммунисттердин атеисттик саясатынын негизинде алардын баары бузулуп жок болгон. Акыркысы Алымбек датканын “Ак медресеси” өткөн кылымдын 70-жылдары бузулду деп айтып жүрүшөт Ош шаарынын тургундары.
"Азия Ньюс" гезити











