Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Садыр Жапаров: “Алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу?!”

Садыр Жапаров: “Алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу?!”

19-ноябрь, 22:38
784 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Урматтуу кыргыз элим, урматтуу кыргызстандыктар!

Мамлекетибиздин жана мамлекеттүүлүгүбүздүн тагдырын чечүүчү учур келип жетти.

“Биз мамлекетибизди өнүктүрүп, алдыга жылабызбы же биротоло жок болобузбу? Келечегибиз барбы, урпактарыбызга эмне калтырабыз?” – деген жалпы коомчулуктун көйгөйлүү талаптарына жооп бере турган убакыт келди деп эсептейм.

Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституциясында жана андан кийин өзгөртүү, толуктоолору менен кабыл алынган Конституциялардын редакцияларында Конституция, Конституциянын жаңы редакциясы, ошондой эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынат деп так жазылган эле.

Ошону менен өлкө эгемендигинин ээси болгон жалпы кыргыз элине мамлекеттик маанидеги олуттуу маселелерди чечүү мумкүнчүлүгү берилген.

Бирок 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгон.

Тактап айтканда, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакытта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган.

Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемендүү мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган.

Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жансакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым.

Ал эми элдин талабы эмнеде? Албетте, экономиканы көтөрүү, элдин социалдык муктаждыгын жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу жана ошондой эле башка орчундуу маселелерди чечүү.

Жалпы кыргызстандыктардын талаптарын аткаруу үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуунун зарылчылыгы келип чыкты. Анткени 2010-жылда кабыл алынган Конституция менен биз мындан ары жашай албай турганыбызды жогоруда айтылган он жылдык турмуштук тажрыйбабыз даана көрсөттү.

Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес. Тескерисинче, мамлекеттин жүзү...” деп Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуусун жолдоду.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер