Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сарсана кылган саясат

Сарсана кылган саясат

14-октябрь, 15:22
637 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

Эгемендик жылдардан бери саясый процесстерге тике катышып, тыкыр көз салып келе жаткан мага да «Кыргызстанда жиндилер менен жалкоолор гана уурдабайт» деген учкул сөз убагында республиканын премьер-министри Турсунбек Чынгышевдики (!) деп билем, жана дээрлик көпчүлүк ушинтип ойлойт. Ал эми Чынгышевдин эскермелерин окуп, анын автору башка экенине ынандым. Чынгышведин айтымында, ошол кезде мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы биздин коллега философия илимдеринин кандидаты кыргыздын чыгаан уулдарынын бири А.Бакаев өкмөттө экономикалык финансылык жеп-ичкичтик коррупция боюнча маселе карала турган күндүн астында төрагага (Т.Чынгышевге) кирип, бул жаатта маалымат берип, «билесизби, азыр Бишкекте «жиндилер менен жалкоолор гана уурдабайт деп жүрүшөт» бул өтө жаман симптом. Бул биринчи кезекте жогорку эшелондогу чиновниктерге, өкмөткө тийешелүү, ошондуктан катуу чараларды алгач өзүбүздөн башташыбыз керек» дейт. Эртеси өкмөттүн жыйыны болуп, аягында корутунду сөз менен төрага Т.Чынгышев сөз сүйлөп жатып, «менде ушул жыйындын астында күч органдарынын жетекчилери болду. Алардын биринин айтымында...» деп жанагы учкул сөздү айтат да, «биз өзүбүздөн башташыбыз керек» ж.б.у.с. сөздөр менен тамандайт. Эртеси эле мүлдө кыргызга ал сөздүн автору Т.Чынгышев болуп чыга келет. Чын-чынында ошондон башталган коррупция өсүп-өнүгүп отуруп, бүгүн жогорку эшелондон таза адамды күндүз чырак менен да таба албай турган заманга туш болдук.

Эми Чынгышедин китебиндеги мен байкаган дагы эки жагдай боюнча оюмду кыскача билдирип, сөзүмдү тамамдайын. Биринчиси, эгемендик алганда бизде рынок саясатын билген, аны түшүнгөн адистер жок комсомолдогу партиядагы жашыраак шылуун жигиттер бул жагдайга тезирээк ыңгайлашып, ээлеген орундарында эми баягыдай катуу көзөмөл жоктугун тез сезип, уурдаган да, жеп-ичкен да, коррупцияны баштаган да ушулар болгон. Анткени баардыгы Акаевдин чарбаны түшүнбөгөндүгүнөн, өткөөл мезгилде темирдей тартип орното албаганынан болду. Ал гана эмес Акаевдин өзүн да тегерегиндеги ошол эле комсомол, партиялык кызматтан келген шылуу жигиттер акча алганга, коррупцияга тез эле үйрөнүп коюшту. Ал эми Чынгышев комсомолдон, партиядан келгендерге жылуу мамилесин билдирет. Албетте, алардын арасында тазалары да болушу мүмкүн, бирок баардыгы эмес да.

Экинчиси, алтын маселеси боюнча да бир топ күдүк ойлор калды. Албетте, авторго ишенбей койгонго себеп жок деңизчи, ошентсе да ошол мезгилдеги материалдар менен тааныш инсандарга дагы тереңирээк токтолсо болмок. Айталы Акаев-Бирштейн-Исанов-Санжар Айтматов-Нанаев-Дастан Сарыгулов-Аскар Сарыгулов ж.б. жөнүндө автордун жазгандары биз билген эле материалдар. Автор өкмөттү жетектеп, ошол алтын маселеси боюнча иштен кеткен адам катары өз позициясын так билдирсе болмок.

Бирок, ошентсе да Т.Чынгышев китебинин бир канча жеринде «мага чечкиндүүлүк жетишпеди», «менин духум жетпеди» дегени бир топ жылуу пикирди пайда кылат. Анткени көбүбүз эле өз катачылыктарыбызды же кемчиликтердибизди жылдар өтсө да моюнга албайбыз. Ошондой эле Акаевдин алтын маселесиндеги аферасын сезип турса да, ошонун курмандыгы болуп кызматтан кетсе да, Акаевге келишкис оппозицияга кетпегени эки ача ойду пайда кылат. Биринчиси: бул оор басырыктуу зирек мамлекеттик деңгээлдеги саясатчы экенинен кабар берет. Жаш баладай же жеңил-желпи адамдай болуп бүгүн мактап, эртең жамандап калган жок. А мүмкүн чын эле Акаев менен өзү да кандайдыр бир деңгээлде кашыкташ болсо керек (?) дегендей күдүк ой пайда болбой койбойт. 

Бирок, китептин акыркы бетин жапканда менде авторго карата жылуу пикир калганын жашыра албайм. Анткени чарбагер, өнөр жайчы адамдын адабиятты, философияны, политологияны жакшы билгени, алардан өз китебинде шилтемелерди бергени – ал кишинин интеллектуалдык потенциалы жогору экенин көрсөтөт. Кийинки кезде мындай адамдар арабызда сейрек кездешип калбадыбы!

Эмнеси болсо да Т.Чынгышев болочокто алтын маселесин дагы бир топ ачыктап, андан кийин бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү оош-кыйыштар  (президенттердин качышы, төңкөрүштөр ж.б.) боюнча өз оюн айтса. Анткени китеп жазуу жагынан бир топ такшалып калды. Анүстүнө тажрыйбасы бар көрөңгөлүү адамдын айткан-дегендери эртеңки күнгө тарых эмеспи.


Амбиция, позиция жана оппозиция

Феликс Куловдун «Ашууда» (На перевале”, М.,2008) деген китеби мен сөз кылайын деп турган эмгектерден айырмаланып турат. Жогоруда биз белгилеп өткөндөй, мемуардык эмгек сөзсүз бир адамдын өзү басып өткөн жолуна өзүнүн субъективдүү көз карашы эмеспи. Мындай мүнөздөгү китепте жеке адам такай эле өзүнө сын көз менен карай албайт. 

Ошентсе да китептин бетачарында эле автор «мени сатып кетпегендерге ыраазычылык менен ушул китепти арнайм, саткандарды кечирдим» деген ою китептин башынан аягына чейин кызыл сызык менен өтөт. Анткени «чү» деген жерден эле эскерте кетчү жагдай, Куловдун жылдызы өтө жаш болбосо да 42 жашында, 1990-жылы Оштогу улут аралык жаңжалдын кесепетинен борборубуз Фрунзеде да тынч болбой улам митингдер болуп, өзгөчө кырдаал коменданттык саат киргизилип, анын коменданты болуп республиканын ички иштер министринин биринчи орун басаары Феликс Кулов дайындалат. Министр Ошто болгон. Мына ушул татаал кырдаалда Куловдун аскерий, офицердик, жетекчилик амплуасы ачык көррүнөт жана кийинки кызматтан-кызматка көтөрүлүшүнө да трамплин катары кызмат кылды деп ойлойм. Ушул жерде ал өзү көпчүлүктүн, же мындайча айтканда, сүрмө топтун, чогулган элдин психологиясын жакшы билерин, мүнөзүнүн оор басырыктуулугун, тез ачууга алдырбагандыгы, элдин көңүлүндөгү сөздү таап сүйлөй алгандыгы ага ошол кездеги өтө популярдуулукту алып келди. Кыргыз коомчулугунда камчыга сап болчу жигиттердин катарына кошту. Тез эле министр болду, СССР таркаарда алгачкылардан болуп милицияны партиядан ажыратты, б.а. милицияны департизациялады. Болбосо министр баш болуп баардык офицерлер Коммунистик партиянын мүчөсү болор эле. 

Окуялар өтө тездик менен өнүгүп отуруп, Москвада ГКЧП чыгып, баардык союздук республикалар эмне кыларын билбей турганда Кулов менин баамымда Акаевди ап-аптап ошол кездеги өтө абройлуу жана коркунучтуу КГБнын республикадагы жетекчиси Ж.Асанкуловду иштен алдырат. Бир топ уюштуруу иштерин жүргүзөт. Ал кезде көп эле күч түзөмдөрү Кой-Таштагы, ж.б. жерлердеги аскер базалары Москвага баш ийчү. Мына ушул кыйчалыш кезде Куловдун жылдызы дагы бир жолу жанып, эми коомчулукта «элдик генерал» деп аталып, аброю ошол кездеги президент Акаевдикинен кем эмес эле. Куловдун ташы улам өйдө кулап, ички иштер министри, вице-президент, Чүй облусунун губернатору, улуттук коопсуздук министри, Бишкек шаарынын мэри кызматтарын аркалаган. Кийинчерээк бийликтин кыныгына көнүп калган президент Акаев үчүн Кулов эми чекеге чыккан чыйкан эле. Анткени аброю президенттикиндей, а мүмкүн андан да бийигирээк адам эми керек эмес эле. Анын логикалык жыйынтыгы аны түрмөгө камоо менен аяктаган. Кулов түрмөдө жатса да коомчулукта, коомдук пикирде туу көтөрчү азаматтын бири катары кала берди. Муну биз 2005-жылы мартта болуп өткөн окуяларда даана көрдүк. Аны түрмөдөн түз эле телевидениеге жана революционерлердин катарына алып келишти. Ал Бишкектеги башаламандыктарды токтотууда негизги ролду ойноду. Мындан аркы жол түз эле президенттикке алып бармак, бирок ар түрдүү чиеленишкен саясый серпантиндердин негизинде Бакиев менен тандем түзүп, премьер-министрлик креслону ээледи. Акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, мурда да президенттик шайлоодо Текебаев менен тандем түзгөн болчу. Ал акаевдик шайлоодо Текебаев-Кулов тандеми уткан болчу, бирок бийлик өзү каалагандай жыйынтык жасашкан. Бакиев-Кулов тандеми ири жеңишке жетишти. Бирок кылымдардан келе жаткан ордо оюндарынын негизинде тандем бузулуп, кайрадан оппозициянын катарына келди. Бул өтө кыскача баяндалган 2008-жылга чейинки Ф.Куловдун саясый өмүр баяны.

Феликс Кулов китебинин эпиграфында жазганындай, ага карасанатайлык кылган Акаевге да, Бакиевге да китебинде бир да таарыныч же жаман айткан сөзү жок. Бирок адам катары экөөнө тең бир топ ачуу сөздөрдү айтса жарашат эле (!) деп ойлойм. Болбосо түккө турбаган айып менен түрмөдө отурушу, же тандем деген макулдашуу менен премьер-министр болуп, саясый оюндан улам кызматтан кетиши тууралуу эми жаза берсе болот эле. Бирок Кулов андайга барган жок. Болбосо президенттердин өздөрү жөнүндө болбосо да убагында алардын тегерегиндеги жана азыр да «умный» сүйлөп жүргөндөр жөнүндө деле жазса болмок. Менин оюмча, буга анын үй-бүлөдөн алган тарбиясы, комплекси жок өсүп чоңойгону, бүгүнкү кыргыз саясатындагы элитада сейрек кездешкен интеллигенциянын экинчи муундагы өкүлү экендиги, анан калса Омск, Москва шаарларынан окуп алган билими, деги эле адамдык табияты ага жол бербей, айкөлдүк кылып койду окшойт. Бакиевдин мезгилиндеги премьерликтен кеткенден кийин да чакан ГЭС долбоорун түзүп, бир топ жемиштүү иштерди иштеди. Өзү негиздеген «Ар-намыс» партиясындагы партиялаштары менен бирге өлкөнү өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык планын иштеп чыгышты.

Автордун тунгуч президент Акаевге берген мүнөздөмөсүнө макул болбой коюшка мүмкүн эмес. Куловдун айтымында, Акаев өтө эстүү окумуштуу теоретик, так илимдин өкүлү. Ал көп нерселерди абстракттуу түрдө кабыл алган. Идеялар оргуштап турган, бирок аларды турмушка ашырууда Каримовдой, Назарбаевдикиндей тажрыйба болгон эмес. Анүстүнө биз билебиз да, тегерегиндеги шылуун жигиттер колу жука кембагал профессорду тез эле тескери иштерге үйрөтүп коюшту. 

(Уландысы бар)

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер