Тазабек Икрамов, экс-депутат: “Учуру келгенде көп сөздөр айтылат...”

--Тазабек мырза, сиз жазган жана демилгечи болгон ата-энесин бакпагандарды жазалоо мыйзамы ишке кирди. Бул оң жыйынтыгын береби?
-- Мен ушул кезге чейин айтпай келгем, азыр деле унчукпасам болот эле, бирок бул мыйзам кабыл алынып жаткандан кийин айтышка туура келет. Депутат болгонго чейин эле, кийин эки чакырылышта тең эч пиары жок, ишенимдүү бир-эки эле инилерим биле турган иш-чара бар эле. Ал жетим балдар үйлөрүнө жана кары-картаңдар үйүнө жардам берүү. Колумдан келишиче, мүмкүнчүлүгүм жетишинче жардам кылып, айрым учурларда өзүм да барып жүрдүм. Кайталайм, бул пиар үчүн же бир жеке кызыкчылыгым үчүн эмес, жөн гана соопчулук үчүн жасалган иштер эле. Аны эч кимге айтчу эмесмин, бүгүн биринчи жолу айтып жатам. Ошондо алгачкы карылар үйүнө барып жүргөн жылдары ал жердеги кароосуз ата-энелердин катары ар кандай улуттан эле. Кийин карасам убакыттын өтүшү менен алгач 80, андан кийин 90, акыркы учурларда 99 пайызы кыргыз улутундагы ата-энелер болуп калганы мени аябай ардантты, уялтты. Кыргыз балдар-кыздар ата-энелерин таштаган заманга келгенибизди билип, бул маселени чечүү жолдорун издей баштадым. Бир ирет ошол жатак жайдагы апа менен сүйлөшүп калып, “алган пенсияңызды эмне кыласыз?” дедим. “Уулум алып кетчү пенсиямды. Азыр карточкага өткөнү пенсиялык картамды алып кеткен" деди. Уулу эмне иш кыларын сурасам, мамлекеттик кызматта иштейт экен. "Үй-жайыңызга ээлик кылып калса, эми пенсияңызды алса, анда уулуңузду сотко бербейсизби?" десем, "жок кокуй, эмнеге сотко берем, ал менин балам да" деди. Элестеткиле, баласы апасын кубалап эле эмес, пенсиясын кошо алып жатат. Ал эми ошондо да апасы уулун коргоп жатканын. Ушул окуя аябай таасир берип, анан ушул мыйзам долбоорун киргизгем. Мыйзам долбоору талкуу учурунда укмуш каттар, кайрылуулар көп келди. Көрсө, иш жүзүндө мындай фактылар өтө көп экен. Бирок, ата-эне эч качан баласын жамандыкка кыйып, анын үстүнөн арыздана албай турганы белгилүү болду. Ошондо бул маселени эске алып, карылар үйүнө түшкөн жарандын атынан анын уруксаты жок эле сот органдарына ошол мекеменин администрациясы, же болбосо айылдарда кароосуз калган ата-эне үчүн айыл өкмөтүнүн соцкызматкерине сотко кайрылуу укугун берүү пунктун кошо киргизгенбиз. Мамлекеттик кызматкерлердин арасында ата-энелерин карылар үйүнө өткөрүп салган фактылар бар. Аны да эске алып, ата-энесин кароосуз калтыргандар айып төлөө же кызматынан кетүү беренелери да бар. Административдик айыптарды төлөбөсө, кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бул мыйзамдын маани-маңызы, табияты мына ушул.
-- Мыйзам эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энелерди багуу жоопкерчилигин күчөтө алабы? Карылар үйүнө ата-энесин таштагандардын азайышына шарт түзөбү?
-- Буюрса, оң жыйынтык берет. Мыйзам кабыл алынгандан кийин аны көзөмөлдөөчү институттар да бар.
-- Учурунда бул мыйзамдын тегерегинде өтө кызык жагдайлар болгон экен. Айтып берсеңиз?..
-- Ачыгын айтыш керек, бул мыйзам долбоорун министрлер кабинети бир топко кармап жатты. Мамлекеттик органдар ача пикирлерин билдирип, бүтүм (заключение) бербей, убакытты созушту. Анткени, менин позициям баарына белгилүү эле. Ошол кездеги айрым депутат коллегаларым тамашалап, "башка депутатты эле автор кылып койчу, мыйзам долбооруң бир жумада кабыл алынып, кол коюлуп кетет" деп күлүп жүрүштү. Эми минтип мен мандатымды тапшыргандан кийин гана мыйзамга кол коюп жаткандын өзү эле чоң оюндар болгонунан кабар берет. Учуру келгенде дагы айтылат. Азыркы актуалдуу темага айланган кээ бир маселелерди учурунда мен көтөргөм. Аягына чыкканга мүмкүнчүлүк беришпеди. Учуру келгенде көп сөздөр айтылат, буюрса...
"Азия Ньюс" гезити