Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Оң рулдуу унаалар менен эл ташууга уруксаат беш жылга узартылабы?

Оң рулдуу унаалар менен эл ташууга уруксаат беш жылга узартылабы?

25-декабрь, 21:57
757 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн узартуу керектиги тууралуу пикирин билдирди.

Депутаттын айтымында, 4-5 жыл мурун өлкө аймагына оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салынган. Ал эми буга чейин алынып келинген оң рулдуу унааларды пайдалануу мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартышкан. «Кыргызстанда оң рулдуу унаалар миңдеп саналат, алардын абалдары жакшы, мындан ары да пайдаланууга жарактуу. Аларды биздин жарандар сатып алышкан. Мындан улам биз дагы 5 жылга узартуу үчүн мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 1-январдан баштап жарандарды токтотуп, кыйнабасын деп эскертип коеюн дедим», — дейт Иса Өмүркулов.

Эске салсак, Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып кирүүгө жана каттоого 2015-жылдын 3-июнунда тыюу салынган.
Aryba.kg
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер