Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Спирт ичимдигин көп колдонгон адам ракка чалдыгабы?

Спирт ичимдигин көп колдонгон адам ракка чалдыгабы?

02-август, 16:04
1 886 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кеңири изилдөө көрсөткөндөй, 2020-жылы катталган 740 миң рактын учуру алкоголдук ичимдик менен түздөн-түз байланыштуу болгон. Бул дүйнө жүзү боюнча жыл сайын аныкталуучу онкологиялык оорулардын болжол менен төрт пайызын түзөт. Катталган учурлардын төрттөн үч бөлүгү эркектер. Бул тууралуу “The Lancet Oncology” журналына жарыяланган макаланы “РИА Новости” сайты жазып чыкты.

Спирт ичимдиктери организмдеги зыяндуу химикаттардын пайда болушун көбөйтүп, ДНКнын бузулушуна алып келет. Ал ошондой эле рактын пайда болушуна өбөлгө түзүүчү гормондордун иштешине таасир тийгизет.

Жети өлкөнүн изилдөөчүлөрү 2010-жылы дүйнө жүзү боюнча спирт ичимдигин ичкен адамдардын маалыматтарын топтошкон. Аны 2020-жылы аныкталган рак ооруларынын саны менен салыштырып көрүшкөн. Окумуштуулардын баамында, он жыл – спирт ичимдигинин рактын пайда болушуна таасир этүүчү убакыт.

Эксперттер рак ооруларынын эң көп саны ичимдикти ашыкча колдонуу менен байланыштуу экендигин аныкташкан. Керек болсо ченеп ичкен ичимдиктер дагы 103 миңден ашык ооруга алып келген. Эң көп ооз көңдөй, кекиртек, кызыл өңгөч, жоон, ичке ичеги, боор жана эмчек рагына алып келген.

Алкоголдук ичимдиктерди колдонгондор боюнча алдыда Чыгыш Азия, Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү турган.

Алкоголь менен рактын ортосундагы байланышты иликтеген адистер аталган көйгөйгө көбүрөөк көңүл бурууга чакырат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер