Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Азия Ньюс" гезитинен саясый күлкү...

"Азия Ньюс" гезитинен саясый күлкү...

17-январь, 14:48
969 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шылтоо

Канышай Рысбековадан анекдот.

Эки келин сүйлөшүп отурушат:

-- Эмнегедир менин күйөөм сенин үйүңө көп каттачу болду, - дейт бири.

-- Ооба, күнүгө эл жатар маалда эле туз сурап келип калат.

-- Туз дейсиңби? Туз өзүбүздүн үйдө деле толтура да?

-- Айтам да... Эмнеге эле туз сурап келет да, кайра албай кетет...


Кебетең айтып турбайбы...

Бообек Ажикеевден анекдот.

Эки жигит сүйлөшүп отурушат:

-- Аялдардыкы жыргал ээ?

-- Эмнеге?

-- Эркектер врачтан больничный алыш керек болсо, өзүнүн ооруп жатканын бир саат дилилдеши керек. Аялдар болсо боёнбой барса эле жетиштүү.


Автобуста орун жок

Жылдыз Таалайбек кызы автобуста туруп баратат. Бир топко чейин ошентип барат, бирок эч ким ага орун бербейт.

-- Интеллигенттер дегеле калбай калган окшойт, - дейт Жылдыз айым күйбөгөн жери күл болуп.

-- Интеллигенттер толтура, - дейт анда ары жакта отурган жигит. -- Просто орун жок болуп атпайбы.


Балыкчы жөнүндө жаңы жомок

Бактыбек Бекболотовдун аныктамасынан: “Бир адамга балык берсең, ал бир күн ток болот. А эгер ага балык кармаганды үйрөтүп койсоң, анда эле иш чатак, аялы ханыша болом деп чыгат”.


Смен бүттү

Назира Айтбекованын байкоолорунан: “Эгер жигитиң секстен кийин дароо уйкуга кетпесе, демек, ал “аялыма барышым керек” деп ойлонуп жатат”.


Табигый каалоо

Рахат Керимбаеванын байкоолорунан: “Эркектананын ойлогону, каалаганы бир эле нерсе: адам тукуму үзүлбөсө экен...”.


Эски модель

Канат Керезбеков бир кызга тийишип атат:

-- Кечирип кой, - дейт анда кыз. -- Бүгүн уже бир жигит менен болуп койдум.

-- Кызыксың го! Бирөө сага “Lаmbоrghini” сунуштаса, “кечирип кой, “Жигулим” бар” деп айтасыңбы?

-- Сен “Ламборжини” эмес, дагы бир “Жигули” сунуштап атпайсыңбы...


“Наводка”

Профессор Бектурсун Байсабаев студенттен экзамен алып жатат:

-- “Сойку” деген сөздүн синонимдерин айтчы?

-- Аттарын эле айтпайымбы, агай?


Эртеңкиге даярдык

Алишер Козуевден анекдот.

Бир жигит минтет дейт:

-- Чоң кыз, азырынча сизге үйлөнгөнгө шартым жок. Бирок, эркектик милдетимди эмитен эле аз-аздан аткара бергенге даярмын…


Страховка

Эркинбек Осоевден анекдот.

Бир кишиден кичинекей уулу сурайт экен:

-- Ата, “коопсуз секс” деген эмне?

-- Сени менен жаткан аял аты-жөнүңдү, дарегиңди, каерде иштээриңди билбесе, “коопсуз секс” деген ошол...


Карылыктан бир элес

Кубатбек Кожоналиевден анекдот.

Жашы жетимишке таяп калган чал менен кемпир ашканада чай ичип отурашат.

-- Кемел, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп ал, - дейт кемпир. 

-- Жанагы Эдил деген досуң биздикине экинчи келбесин. Ал келсе аялы Канымгүл кошо келет. Канымгүл келсе Акмөөрдү көргөнсүп, сен андан көзүңдү албайсың.

-- Былжырабачы! - дейт анда абышка. -- Менин эки көзүм тең минус сегиз. Адамдардын өңүн айрый албайм. Сени да үнүңөн, келжирек сөздөрүңөн эле таанып атам...


Альтернатива

Бир айым ооруксунуп, Асылбек Байгазаковго көрүнгөнү келет. 

-- Доктур, ажатканага бара албай кыйналып жатам.

-- Ошол да кеп бекен! Ажатканага бара албасаң театрга, көргөзмөлөргө бар...


Эволюция

Нурбек Сыдыгалиевдин аныктамасынан: “Аялдар да вино сыяктуу. Эртеби-кечпи аракка өтөсүңөр...”.


Пари 

Тынчтыкбек Конушбаев үйүндө отурса досу келет:

-- 10 миң сомго мелдешесиңби, мен сага эмнеге келгенимди билбейсиң.

-- Билем, дагы акча сурап келдиң да.

-- Таппадың. Утулдуң! Келе, 10 миң сом. 


Сен мени алдадың, алдадың...

Эрлан Бекчоро уулунан анекдот.

Кыз менен жигит чет тилдеги (англисчеби, испанчабы) бир муңдуу ырды угуп отурушат.

-- Мынчалык сыздаганына караганда, жигити бир “эметип” коюп таштап кетип калган окшойт, - дейт жигит.

-- Жок, - дейт анда кыз. -- Просто таштап кетип калса керек. “Эметип” коюп кетсе мынчалык муңканмак эмес да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер