Акыркы кабарлар
» Саясат » Акылбек Жапаровдун ордуна Каныбек Туманбаев келеби?
Акылбек Жапаровдун ордуна Каныбек Туманбаев келеби?
31-август, 18:30
359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Өлө элек аюунун талпагын талашкандай” болуп, өкмөт башчылыкка ашыккан Каныбек Туманбаевдин амбициясына баракелде! Мындай секирикти жакындары эле жабырата айтып жүрүшөт. Мансап кумары жаман тура. Ошондо Акылбек Жапаров “аутка” кетип, ордуна Каныбек Туманбаев келсе, экономикага, финансыга түшүнүгү жетеби? Калдаңдап араң агып бараткан кемебизди чөктүрүп албайбызбы? Кызмат күүсүнө алдырып атып, натыйжада, элдин убалына калып, эл аралык алкактан да аксап калсак, кантебиз? Каныбек Туманбаев мамлекеттин акчасы менен имарат салдырганды, оңдоп-түзөгөндү билет экен. Акча болсо баары эле жасай берет да. Анан ушундай жеңил пиар менен эрмешкен “эмени” өкмөт башына алып келишсе, абалыбыз чатак окшойт...
"Азия Ньюс" гезити