Башкадан төрөбөй, бирок тукумсуз жолдошумду бактылуу кылгым келет
Саламатсыздарбы! Менин көйгөйүмдү угуп, балким тилдеп урушасыздар, бирок айтууга мажбурмун. Биринчи жолдошум жол кырсыгынан улам каза болуп калган. Ичимде эки айлык кызым менен калгам. Кызым үчкө чыкканда балалуу болбой жүргөн жигитке турмушка чыктым. Чынын айтсам, балалуу боло албай жүргөнү үчүнбү, кызымды менден жакшы көрөт, кызым да ага жакын. Жолдошум жакшы, намаз окуйт, жумушу бар, адамдын көңүлүнө карап турат. Үйлөнгөнүбүзгө үч жыл болсо да, катуу айтышып уруша элекпиз.
Карантин башталардан мурун кайненем «балам балалуу болбойт окшойт. Мурунку аялы төрт жолу кош бойлуу болуп, өспөй же трубага жайгашып калып, төрөй албай койду. Сенин да боюңда болбой жатат» деп, анан мага оозумду ачырган сунуш айтты: “Алдуу, күчтүү, көздөрү балама окшоп кеткен бирөө менен жүрүп, балама төрөп бер. Ошол сага аманат” деди. Уялганымдан “жо-ок апа, болмок беле?.. Кантип болсун?..” деп, шок болуп отуруп калдым.
Кайненем мени аңдыгансып, бир жактарга чыгып келсем “кайда бардың?” деп сурабайт. Мага шарт түзгүсү келдиби, айтор, маршурткада жаныма эркек киши отуруп калса, “сүйлөшүп, таанышып алсын” дегенсип, башка жакка жылып, же уктамыш болуп калат. Бирок, кайненем айткан сунушту жасаганга менин наамысым жол берген жок. Ошентип, сентябрь айында кайненем катуу ооруп, ооруканадан каза болуп калды.
Ошон үчүн жигитине алданып же бакканга шарты жок эжелерге кайрылып кетет элем: керексиз болсо аборт кылбай, мага бериңиздер. Бир же эки айлык боюнда болуп, алдырам деп ойлонуп жаткандар, суранам, мени менен байланышкыла! Токсикозун, тамак-ашын алып берип, жакшы карайм. Аборт кылып же төрөп көчөгө таштагандан көрө, мага бериңиздер. Бала төрөлөрү менен колума алып, төрөлгөн күндөн тартып өзүм тарбиялап алам, жолдошумду бактылуу кылгым келет.
Алия