Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты

Акылбек Жапаров Кыргызстандагы бай менен кедейлердин санын айтты

28-октябрь, 14:00
492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстанды өнүктүрүү саясаты тууралуу сурады. Учурда парламентте 2022-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи.

“Кыргызстандын ченеми боюнча 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жокторго түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт. Машиналарынын, үйлөрүнүн салыгын көбөйтөбүз. 1,2 миллион салык төлөөчү үй-бүлөнүн эсебинен 200 миң үй-бүлөнү тың багып алабыз деди Жапаров.

Аны менен катар ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилип, машинаны от алдырып жүргүзгөндөн кийин салык сурай тургандай принцип сакталарын белгиледи. Ошондой эле ал түрмөлөрдө жана ооруканалардагы шарттар да жакшыртыларын кошумчалады. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер