Өкмөт башчы Мариповдун көз боёмочулугу билинип калганда
Баткен, Лейлек райондорунун акимдери 1-апрелде эле аттестациядан өтпөй калышып, ошондон бери кызматтарында сүйрөлүп келишкен. Чек ара жаңжалына ушулардын себепкер болгону да айтылууда. Чыр-чатак чыгып турса, булар ар кайсы шылтоо менен көмүскө иштерин уланта беришчү беле? Биздин маалыматтар боюнча, Өмүрбек Суваналиев Баткен, Лейлек райондорунун акимдерин премьер-министрге айтып, кызматтарынан алдыра албай койгон. Себеби, баарын Арзыбек Бурканов тейлеп турган го?.. Ал эми Кадамжай районунун жетекчиси өткөн парламенттик шайлоодо кетип калып, милдетин аткаруучу аким дайындалса кете турганын, ден соолугу начар экенин айтып келгени белгилүү. 1-орун басары иштеп аткан, өз арызы менен кетти. Кыскасы, жогорудагы кызматкерлерди премьер-министр Улукбек Марипов жумуштан бошоткону, көз боёмочулук кылганы кандай? А мурда эшек такалап отурду беле? Жо-ок, Буркановдон коркчу да, бир чети өкүл атасы болсо, бала кезинен сүзүп койсо, анан даап сүйлөй алмак беле? Суроолор арбын, жообу жок эй! Айтмакчы, Баткен, Лейлек районунун иштен айдалган акимдери чек арадагы өлгөн жарандарыбызды согушка тукурушканбы? Куру патриоттонушуп, ыя? Изилденеби?..
"Азия Ньюс" гезити