Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова: “Бизге инвестор тартып келсең, чиновниктер үлүшүн сурашат”

Чынара Мамажакыпова: “Бизге инвестор тартып келсең, чиновниктер үлүшүн сурашат”

11-октябрь, 07:13
2 875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, көп чет элдик өнөктөштөр, инвесторлор менен иш алып барып келесиң. Биздин өлкөнүн инвесторлор менен мамилесине токтолсоң?

-- Негизинен дүйнө жүзүндө өнүккөн мамлекеттердин көбү туризм менен ийгиликке жетишкен. Туризм менен өндүрүш мамлекетти өнүктүрөт, өстүрөт. “Биз өнүгөлү, өсөлү” деп аракет кылып жатабыз, бирок жыйынтыксыз. Себеби, көндүм коррупция, баягы эле бийликте отурган адамдар буга себепкер. 

Канча жылдардан бери өндүрүш менен алектенип, бизнести өнүктүрүүгө салым кошуп келебиз. Бирок тоскоолдуктар кезикпей койбойт. Азыркы учурда башка өлкөдөн келген ишкерлердин бизге инвестиция кылып, “өндүрүш ачып иштейин, өнүктүрөйүн” дегендери жокко эсе. Себеби, алар биздин өлкөнүн келечегин, потенциалын көрбөй жатышат. 

Инвесторлорду тартып келип, тийиштүү кишилер менен келишим түзүүгө киргизсем, алар жеке керт баштарын ойлошот. “Мага эмне калат? Менин үлүшүм канча? Бизге эмне кылып бересиң?” деп оозду ачырышат. Алар убактылуу аткарып жаткан иштеринен пайдаланып калууну күтүшөт экен. Күйбөгөн жериң күл болот. Биздин чиновниктер өздөрүнүн алкымын ойлоп отуруп, канча инвесторлорду коңшу өлкөлөргө качырышты? 

-- Башка өлкөлөрдө кандай?

-- Өзбекстанга туристтер келсе дайыма эшиктери ачык. Коркутуу-үркүтүү, үлүш суроо деген жок. Сый мамиле менен күтүп алып, астейдил узатып, туристтерге көз караштары башка. Ошондуктан канча жылдарга алар бизден алдыга озуп кетти. Азыркы президенти да абдан күчтүү инсан экен. “Туризмди өнүктүрүшүбүз керек деп ар бир район, айыл башчыларына талапты катуу коюуда. Бул нерсе Түркияда дагы бар. Туристтердики дайыма туура. Туристтер күнөөлүү болуп жатса да колдоп турушат. Андай өлкөгө адам барган сайын баргысы келет. Алардын туристтердин агымын көбөйтүү үчүн ушунчалык аракет кылып жатышканы – бул баатырдык. Аң-сезими жогору экенинин белгиси. Мына ошондой туризм, өндүрүштөр менен өнүгүп жатышкандарын сезип турушат

Бизде жакшы жетекчи да жок. Инвесторлорду тартып келе албаган туризм департаменти эмне иш кылат? Буларды ар бир айыл өкмөттөрүнө, айыл башчыларына, милицияга, ар бир жарандын түшүнүгүнө киргизиш керек да. Мындай абалыбыз менен кантип туризмди өнүктүрөбүз? Кантип алдыга жылабыз? Эртең азыркы Афганистанга айланып калбайбызбы?.. Мына ушундай коркунучтуу ой келбей койбойт.

Өзбекстан Кытай менен түзмө-түз кызматташып, ири көлөмгө чыгышты. Бул өзбек туугандардын чоң жетишкендиги. Кудай берген ушунчалык кооз бейиштей жерибиз бар, бирок кошуна өлкөлөрдөн ат чабым артта калдык. 

Өндүрүштү өнүктүрүп, инвестор менен иш алып барууну жогорку деңгээлдеги жолго салып, өнүгүүгө эмнеге болбосун? Келечегибиз өз колубузда! Жеке керт башты эмес, элди, келечекти ойлоп, өнүгүп-өсөлүчү!


 Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер