Адылбек Касымалиевдин дарамети чектелүү, убактылуу гана иштейт

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев саясатчы эмес. Акаруучу. Болгондо да тапшырманы шыпылдап, тез даярдап коё тургандай элпектиги бар. Ириде идеясы, демилгеси болбосо, министрлер кабинетин көпкө чейин башкарып тура албасы анык. Акылбек Жапаров күтүүсүздөн салыктагы төбө чачты тик тургузган коррупцияга байланыштуу кыйыр түрдө айыпталып, жумуштан кетип калган соң, ордуна реалдуу талапкер табылбай, орун басары отуруп калды. Ооба, Адылбек Касымалиевдин бактысы бар экен. Бирок аз убакытка гана. Айтмакчы, бул кадрды Бакиев бийлигинин тушундагы премьер-министр Азим Исабековго да салыштырышууда. Кыскасы, жазга карай “фокус-мокустарды” ойлоп тапкан, каратып туруп көз жазгырган өкмөт башчыны табуу машакаты турат. Кыргыз саясатчыларынын ичинен андай чебер чыгышы мүмкүн. Балким Өмүрбек Бабановбу? Же дагы ким бар?.. Абай салалы.
"Азия Ньюс" гезити